Scientists analysed the secret to becoming rich, and talent is not part of it
百度 一句临渊羡鱼不如退而结网凝结着中国人千百年来所推崇的务实精神,与习近平多次强调的空谈误国、实干兴邦一脉相承。
Германия Федеративдик Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: ?Einigkeit und Recht und Freiheit? ?Биримдик жана Адилеттик жана Эркиндик? | |||||
Гимн: ??Немистердин ыры? ?ч?нч? строфасы? | |||||
![]() | |||||
Расмий тили | Немис тили | ||||
Борбор шаары | Берлин | ||||
Ири шаарлар | Берлин, Гамбург, М?нхен, К?льн, Штутгарт, Д?сселдорф, Эссен, Бремен, Дрезден, Лейпциг | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Федеративдик президент Федеративдик канцлер |
Франк-Валтер Щайнмайер Олаф Шольц | ||||
Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты ? Жалпы ? Суу бетинин %. |
62 - д?йн?д? 357 021 км2 2,46 % | ||||
Калкы ? Бааланган (2023) ? Жыштыгы |
▲84 432 670[1] адам (16) 229 ад./км2 | ||||
ИД? (САМ) ? Бардыгы (2015) ? Ар бир жанга |
▲3,815 трлн[2] $ (5) 46,896[2] $ | ||||
ИД? (номинал) ? Бардыгы ? Ар бир жанга |
3,413 трлн[2] $ (4) 41,955[2] $ | ||||
АД?И ( 2015) | ▲ 0,911[3] (?т? жогору) (6) | ||||
Этнохороним | немис | ||||
Акча бирдиги | евро (EUR[4] | ||||
Домени | .de | ||||
ISO коду | DE | ||||
ЭОК коду | GER | ||||
Телефон коду | +49 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +2 |

Германия (нем. Deutschland), Германия Федеративдик Республикасы (нем. Bundesrepublik Deutschland) — Борбордук Европадагы ?лк?л?рд?н бири. Т?нд?г?н?н Дания, т?нд?к-батышынан Нидерланд, батышынан Бельгия, Люксембург, Франция, т?шт?г?н?н Швейцария, т?шт?к-чыгышынан Австрия, чыгышынан Чехия, Польша менен чектешип, т?нд?г?н?н Т?нд?к жана Балтика де?издери курчап турат.
Аянты 357 021 ми? км2. Калкы 80 219 695 млн. (2011).
Мамлекеттик тили немис тили.
Борбору - Берлин шаары. Административдик-аймактык жактан 16 жерди (административдик-аймактык бирдик) камтыган федерация (табл.).
Мамлекеттик т?з?л?ш?
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Германия федеративдик мамлекет. Негизги мыйзамы (конституциясы) 1949-ж. 23-майда кабыл алынган. Ар бир аймак (Жер) ?з конституциясына, парламентине жана ?км?т?н? ээ. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент (5 жылга атайын чакырылган Бундестаг жана Ландтагдардын (жергиликт??. парламент м?ч?л?р?н?н) бирдей санынан куралган Федералдык чогулуш тарабынан шайланат.
Административдик округдарга б?л?н?ш?:
Федералдык жерлер |
Аянты, км2 |
Калкы, млн |
Административдик борбору |
70550 |
12,4 |
||
35752 |
10,7 |
||
Берлин |
892 |
3,4 |
|
29476 |
2,6 |
||
Бремен |
404 |
0,7 |
|
Гамбург |
755 |
1,7 |
|
Гессен |
21114 |
6,1 |
Висбаден |
Мекленбург-Алды?кы |
23173 |
1,7 |
Шверин |
19847 |
4,1 |
||
2568 |
1,1 |
||
18413 |
4,3 |
||
Саксония-Анхальг |
20447 |
2,5 |
Магдебург |
Т?м?нк? Саксония |
47616 |
8,0 |
|
Т?нд?к Рейн-Вестфалия |
34082 |
18,0 |
|
16172 |
2,4 |
Эрфурт | |
Шлезвиг-Гольштейн |
15761 |
2,8 |
Киль |
Аткаруу бийлигин федералдык канцлер жетектеген ?км?т ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу парламент (Бундестаг жана Бундесрат). Негизги саясий партиялары: Христиан-демократиялык союзу (ХДС), Христиан-социалдык союзу (ХСС), Эркин демократиялык партиясы, Германиянын социал-демократиялык партиясы (ГСДП), Жашылдар партиясы, Демократиялык-социал партиясы ж. б.
Табияты
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Германиянын аймагы ке?дик багытта созулуп жаткан 3 ири орографиялык объектиден турат, алар т?нд?к б?л?г?нд?г? Т?нд?к Германия ойду?у, борбордук б?л?г?нд?г? Орто?ку Германия тоолору, т?шт?г?нд?г? Альп тоолору жана Бавария б?кс? тоосу. Германиянын аймагына Альп тоолорунун т?нд?к тармактары кирип турат. Анын батыш б?л?г?нд? кумдук тоо тектеринен т?з?лг?н жапыз кырка тоолор басымдуулук кылат. Бирок, Баварияда (Мюнхенден т?шт?кт?) жайгашкан Акиташтуу Т?нд?к Альп тоолорунда Германиянын э? бийик жери — Цугшпитце чокусу (бийиктиги 2962 м) орун алган. Альп тоолорунан т?нд?кт? тоонун талкаланды кум, чополуу тектерине толгон четки тектоникалык ийил??д? т?зд?к (альп форланды) пайда болгон. Ал Альп тоолорунан т?нд?кт? карай акырындап жантайып, Дунай ?р??н?н? кошулат. Т?зд?кт? плейстоцендеги муз каптоодон калган кесек тоо тектер аяккы мореналар жапыз д?б?-д??с?л?? жалдарды пайда кылган. Жалдар аралыгындагы ойду?дарды саздар менен к?лд?р ээлейт. Мореналардан т?нд?кт? м??г? суулары агызып келген шагыл-таштар Мюнхен т?зд?г?н жана дарыя тектирлерин пайда кылган. Орто бийиктиктеги Орто Германия тоолору байыркы тоо тектерден т?з?л?п, Альп тоолору к?т?р?л? электе эле мында Европаны батыштан чыгышты кесип ?тк?н зор тоо системасынын бир б?л?г? болгон. Карбон мезгилинде алардын чет-жакаларында жана тоо аралык ойду?дарында саздуу дельталар т?з?л?п, Рур, Саар, Ахен к?м?р бассейндери пайда болгон. Байыркы тoo массивин т?зг?н чулу тоо тектер ?б?л?н??г? дуушарланган. Кийин ал массивдердин айрымдары к?т?р?л??г? дуушарланып, Рейн Сланецт?? тоолору, Шварцвальд, Гарц сыяктуу тоолор жаралган. Германиянын аймагына татаал т?з?л?шт?г? Чех Токоюнун бир аз б?л?г? да кирип турат. Анын т?шт?к-чыгышында Бавария Токою, т?нд?к-чыгышында Саксония Кенд?? тоолору орун алган. Бул тоолордун жону плато сымал жайык, т?зд?кт?рд?н тепкичтенип к?т?р?л?п, бийиктиги 1000 м чейин жетет. Айрым чокулары, мисалы, Шварцвальд тоосундагы Фельдберг чокусу 1493 мге жетет. Кыр б?л?г? тик бетт??, токойлуу ?р??нд?р менен тере? тилмеленип, алар кээде too этектериндеги т?зд?кт?рг? чейин т?ш?т. Алардын ичинен э? ?зг?ч?л?н?п турганы Рейн грабени, ал Вогез жана Шварцвальд тоолорун 43 кесип ?т?т. Рейндин тектирлерин ж?з?мзар ээлейт. Чопо, кумдук, акиташ тектеринен т?з?лг?н тоо аралык ойду?дарында денудациянын таасиринен капталдары тик куэста жалдары пайда болгон. Э? ири Шваб Альб куэстасы Германиянын т?шт?г?нд? Майн жана Неккар дарыяларынын алаптарында жайгашып, 1000 мден жогору к?т?р?л?т. Т?нд?к Германия тоолорунун т?нд?к чет-жакасы боюнча кумдук, акиташ тект?? катмарлары чыгып, жал ?р??нд?рд?н айкалышып жатышына шарт т?з?т. Батышында бул ландшафтты Везер дарыясы кесип ?т?т. Анын э? кууш жери Вестфалия Дарбазасында байыркы герман уруусунун башчысы Арминийдин статуясы орнотулган (ал б. з. 9-кылымнда римдиктердин 3 легионун талкалаган). Вестфалиянын (Рурдун к?м?рл?? катмарларынын астында жаткан) жантайы?кы куэсталары менен Тюрингия бассейнинин куэста ландшафтынын окшоштугу байкалат. Айрым жерлерде альп тоо пайда болуу кыймылынын таасиринен жаралган тере? ойду?дарды де?из жана к?л алаптары ээлеп, алар чопо, кум, шагылташтарга толгон (мисалы, Жогорку Рейн, Кёльн ойду?дары). Кёльнд? к?р?? к?м?рд?н ири запасы бар. Орто?ку Германия тоолорундагы ургаалдуу жанар тоо процесстери жаракалардагы тектоникалык кыймылдарга байланыштуу болгон. Байыркы жанар тоолор (мисалы, Гессендеги Фогельсберг массиви, бийиктиги 774 м) эрозиядан ?т? ?зг?р?п кеткен, ал эми Айфел кратерлери жана к?л конустары ?зг?р?лб?й сакталып калган. Гермниянын аймагында алгачкы адамдар пайда болгондо бул жанар тоолор атылып турган. Байыркы жанар тоонун активд??л?г?н мындагы к?пт?г?н минералдуу ысык булактар айгинелеп турат. Орто?ку Германия тоолорундагы ландшафттын ?зг?ч? тиби аны т?зг?н тоо тектердин жана рельефтин формаларынын ар т?рд??л?г? менен байланыштуу. Ы?гайлуу ?р??нд?рд? жыгач ?йл?р? басымдуулук кылган кыштактар, чептер менен курчалган соода шаарлары жайгашкан. Тоо капталдарындагы бак-дарактар, ж?з?мзарлар улам жогорулаган сайын тик беттерде чер токойлор менен алмашат; алардын арасында эски сепилдердин чалдыбарлары кездешет. Т?нд?к Германия ойду?у ?лк?н?н т?нд?к б?л?г?н б?т ээлейт; жазылыгы батыш б?л?г?нд? 150 кмдей, батышты карай акырындап ке?ейет. Бавариянын тoo этектериндеги т?зд?кт?р?нд?г?д?й эле мында да негизинен борпо? тектер шагыл-таш, кум, чопо ке?ири таралып, арасында к?р?? к?м?рл?? катмарлары кездешет. Рельефинин формасы негизинен плейстоцендеги ?ч жолку муз каптоодон калыптанган э? ке?ири таралган формалар: аяккы мореналардан пайда болгон жал, д?б?-д??с??л?р, морена т?зд?кт?р?, к?пт?г?н булу?дар (фьёрддор), лагуналар (бодден), кумдуу жерлер (гесттер), ваттар, марштар. ?с?мд?к тамырлары менен бекемделген морена субстраты шамал эрозиясына дефляцияга дуушарланып, кум д?б?л?р?н дюналарды пайда кылат.
Климаты
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Мел??н де?издик климат ?к?м с?р?т. Жалпысынан атмосферанын батыш циркуляциясы ?ст?мд?к кылат; т?нд?кт?н муздак, т?шт?кт?н жылуу аба согот. Кышында Т?нд?к Атлантиканын суусу кургактыкка караганда жылуу болгондуктан, Европага жылуу аба согуп турат. Абанын т?м?нк? температурасы Сибирдин муздак аба массасынан келген антициклонго байланыштуу. Бул мезгилде Т?нд?к Германия ойду?унда абанын температурасы 12°Сге чейин, кышында чыгышты карай т?м?нд?йт; январдын орточо 0°С изотермасы Любек Бонн сызыгы боюнча ?т?т. Т?шт?кт? температура бийиктикке байланыштуу т?м?нд?йт. Кар катмары т?нд?кт? 20-25 к?н, Т?шт?к Баварияда 40 к?нд?н ашык, Альп тоолорунда жана Шварцвальда 100 к?нд?н ашык жатат. Жайында тескерисинче, абанын температурасы т?шт?кт? карай к?т?р?л?п, э? жогорку температура Жогорку Рейн ойду?унда катталган, анда июлдун орточо темпрасы 19°С. Т?нд?к Германия ойду?унда жайкы температура чыгышты жана т?шт?к-чыгышты карай к?т?р?л?т. Июлдун орточо температурасы Берлинде 18,5°С. Жылдык жаан-чачындын орточо ?лч?м? Т?нд?к Германия ойду?унда, Т?нд?к де?из жээгинде 750 ммге жетип, чыгышты карай акырындап азаят. Т?зд?кт?рд?н т?шт?кт? карай рельефтин тоо-?р??нд??л?г?н? жараша жаан-чачындын таралышы татаалдашат: тоолордо 1000 ммден ашык, кээде 2000 ммге чейин жаайт, ал эми айрым туюк ойду?дарда 500 ммден ашпайт. Ошондой эле Орто?ку Германиянын жаан-чачындан ыктоо жаткан т?нд?к тилкесинде да аз т?ш?т. Германиянын дээрлик бардык жеринде жаан-чачындын максимуму жайга туура келет; жумшак климаттуу т?нд?к-батыш жээк б?л?г?нд? гана жаан-чачындын басымдуу б?л?г? кышында жаайт. Топурак кыртышынын ар т?рд??л?г? негизинен т?пк? тектерге жана кумдуктарга байланыштуу. Т?нд?к Германия ойду?унун кумдуу субстраты, айрыкча вереск бадалдарынын жана кызылкарагайлуу токойдун астындагы ?т? жуулма, кычкыл, к?рс?з топурактары а. ч. ?с?мд?кт?р?н ?ст?р??г? ы?гайсыз. Кычкыл саз топурактарынын ири ареалдары кездешет. Жээктердеги марш кыртышы мелиорациядан кийин к?рд?? топуракка айланат. Орто?ку Германия тоо массивдеринин т?пк? тектери сер??н нымдуу климаттуу шартта узак убакыт бою ?б?л?н??г? дуушарланып, токойдун жуулма кычкыл ко?ур топурагы пайда болгон. Алар жайыт же токой ?ст?р?? ?ч?н пайдаланылат. Э? к?рд?? топурактар ойду?дарда жана дарыя тектирлеринде, айрыкча лёсстуу жерлерде таралган кара топурак; ал Гарцтан чыгышта жана Тюрингия бассейнинде кездешип, бара-бара токойдун ко?ур топурагына ?т?т. Мурда бул аймактар жазы жалбырактуу токой менен капталган; азыр алардын жарымына жакыны кыйылып, айдоо жерлерге айландырылган. Ко?ур топурактар (бурозём) тобуна кирген кыртыш Шлезвиг-Гольштейндин чыгышындагы морена т?зд?кт?р?нд?, Бавариянын тоо этектеги т?зд?кт?р?нд? таралган. Альп тоолорунун топурактары бийиктик алкатуулукка жана капталдардын тиктигине жараша ?зг?р?т. Алар жука катмарлуу таштак топурактар. Германиянын калк жыш отурукташып, токою кыйылып, же бак-дарактар отургузулган жерлеринде табигый ?с?мд?кт?р дээрлик калган эмес. ?лк?н?н т?нд?г?нд?г? жазы жалбырактуу эмен, кайы? токойлору, ж?зд?г?н жылдар бою жайыт катары пайдаланылган вереск бадалдары курчаган аймактар айдоо жерлердин ареалына айландырылган. Азыр вересктер коруктарда гана калган. К?рс?з топурактуу жерлерге бак-дарак, айрыкча кызылкарагайдын тез жетил??ч? т?рл?р? отургузулат. Орто?ку Германиянын жапыз тоолору кооз бук токою менен капталып, отургузулган карагай токоюнун ири массивдери менен айкалышып ?с?т. Кумдак жерлерде кызыл карагайлуу массивдер бар. Орто?ку Германиянын бийик тоолорунда жана Альп тоолорунда бук токою бийиктеген сайын бук-к?к карагайлуу, андан жогору карагайлуу токой менен алмашат. Э? бийик тоо массивдеринде, ошондой эле Альп тоолорунда 2200-2800 м бийиктиктен жогору ч?п ?с?мд?кт?р?, э?илчектер жана мамык ч?пт?р ?с?т. Г?л ?с?мд?кт?р ?т? к?п. Германиянын табиятты коргоо боюнча эзелтен эле ?зг?ч? салттары болгон; мамлекеттик жана жамааттык ири токой аянттарында а?чылык жана токой кыюу ж?нг? салынган. ?лк?д? ми?деген коруктар, Батыш Германияда андан сырткары т?рд?? ландшафттык аймактарда айрым улуттук парктар, анын ичинде Бавария Токоюна, Берхтесгаден Альп тоолорунда, Т?нд?к де?издин ваттуу жээктеринде уюшулган. Кийинки мезгилде кислоталуу жамгырдан токой ?т? жабыркап, Батыш Германияда атмосферага зыяндуу заттарды чыгарууну чектеген чаралар к?р?лг?н. Мисалы, азыркы жылуулук станциялардын бардыгы ча?, к?к?рт диоксидин жана азот оксиди таштандыларын чыгарбоо боюнча чараларды к?р?п, автомобилдердин бардыгы алардан чыккан газдардагы зыяндуу заттарды тосуучу атайын курулмалар менен жабдылган. Мурдагы Германия Демократия Республикасысында (ГДР) жана ага чектеш Чехословакияда к?р??к?м?р к?п жагылып, атмененын ?н?р-жайлык булгануусун чект?? чаралар к?р?лг?н эмес. Натыйжада токой, айрыкча ал ?лк?л?рд?н чегарасындагы аймактарда ?т? жапа чеккен. ГДР менен ГФР кошулгандан кийин к?р?? к?м?р шахталары жабылып, чыгыш германиялык маркадагы автомобилдерди чыгаруу токтотулган. Азыр Германияда атмосферага кет??ч? уулуу заттарды азайтуу жана к?лм?л?рд?, агын сууларды тазалоо боюнча ?т? кымбат экологиялык программаларды ишке ашыруу чаралары к?р?л??д?. ?лк?н?н аймагынын 31,7% коргоого алынган; мындай табигый аймактын саны 7,6 ми?ден ашык. Алар 14 биосфералык резерват (жалпы аянты 1559 ми? га), эл аралык маанидеги 31 суулуу-саздак жер (829 ми? га), 15 улуттук парк (130 ми? га), 87 табият паркы, табиятты коргоочу ми?деген облустар (заказник режиминде), табият эстеликтери. Эоцендин флорасынын жана фаунасынын жералдынан табылган калдыктары бар жерлер, Мускер ландшафттык парк Б?тк?л д?йн?л?к мурастардын тизмесине кирген.
Суулары
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Германиянын э? ири дарыясы – Рейн; анын куймаларынын к?б? Альп тоолорунан башталып, Рейн Сланецт?? тоолорун кесип ?т?п, Т?нд?к Германия т?зд?г? аркылуу Т?нд?к де?изине куят. Жайдын башталышында тоодогу кардын эришинен суусу кирет. Рейндин Т?нд?к Германия тоолорунан башталган куймаларынын режими башкача болуп, агымынын максимуму буулануу э? т?м?н болгон кыш мезгилине туура келет. Бул эки режимдин айкалышынан Рейндин суусу дайыма мол жана агымы туруктуу болуп, кеме каттоого ы?гайлуу шарт т?з?л?т. Германиянын башка дарыяларынын к?б? Орто?ку Германия тоолорунан башталат. Алар негизинен Рейндин куймалары, ошондой эле Везер жана Эльба дарыялары (Т?нд?к де?изге куят). Одер жана анын негизги куймасы Нейсе. ?лк?н?н т?шт?г?н?н Шварцвальддан Дунай башталып, чыгышты карай агат. Анын суу режими Альп тоолорунан башталган о? куймаларынын таасиринен т?з?л?т. Жайкы ташкын жана кышкы межень навигацияга терс таасирин тийгизет.
Калкы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Калкынын 92 %ин немистер т?з?т. Калгандары цыгандар, даниялыктар, лужицалык сербтер, фриздер, голланддар улуттук азчылык статусуна ээ. Чет ?лк?д?н келген калктын саны 6, 75, млн болуп, анын 1, 749 млну т?ркт?р. Мындан тышкары Европа ?лк?л?р?н?н келгендер (италяндар, сербдер, поляктар, орустар, гректер, португалдар, испандар, хорваттар, албандар ж. б. улуттар т?з?т). Калкынын саны 1939-ж. 69,3 млнду, согуштан кийин 43 млнду, 2006-ж. 82,5 млнду т?зг?н. 2008-жылга карата 1000 адамдан 8 бала т?р?лс?, 10 киши ?лг?н. Калкынын жылдык к?б?й?ш? ошол эле 2008-ж. 0,2 % к?рс?тк?н. Ал эми иммигранттарда т?р?л?? жалпы ?лк?н?н орточо к?рс?тк?ч?н?н кыйла жогору. ?лк?д?г? демографиялык проблемалардын бири калктын картайуусу: улгайган курактагылар (65 жаштан жогору) 18,9%ти (европалык орточо к?рс?тк?чт?н кыйла жогору), 14 жашка чейинки ?сп?р?мд?р 14,4%ти, эмгек курагындагылар (15тен 64 жашка чейинкилер) 66,7%ти т?з?т. Орто эсеп менен 100 аялга 96 эркек туура келет. ?м?рд?н орточо узактыгы 78,8 жаш (эркектердики 75,8, аялдардыкы 82,0 жаш, аялдардын жашынын орточо узактыгы боюнча д?йн?д? алды?кы орундардын бирин ээлейт). Калкынын орточо жыштыгы боюнча (1 км2 жерге 229 адам) Еропада 4-орунда (Нидерланд, Бельгия, Улуу Британиядан кийин). Шаар калкы 87% (Европада алды?кы орундардын бири). Ири шаарлары: Берлин Гамбург, Мюнхен. Германиянын, ошондой эле б?т Батыш Европанын калкы негизинен Рейнди бойлой жайгашкан.
Тарыхы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Археологиялык маалыматтар боюнча Германиянын аймагында адам т?м?нк? палеолитте, б. з. ч. 500-300 ми? жыл мурун жашаган. Гейдельберг адамы (Мауэрде), неандерталдыктын (Неандерталь) калдыктары табылган. Б. з. ч. 3-2 ми? жылдыкта Германияны жердеген уруулар мал чарбачылык жана жер иштет??ч?л?к менен кесиптенишкен. Германиянын аймагынын басымдуу б?л?г?н ээлеген байыркы герман уруулары б. з. ч. 1-ми? жылдыктын аягында Рим мамлекетинин кол салууларына дуушарланган. Тарыхый маалыматтарда герман уруулары тууралуу алгач Тациттин эмгегинде эскерилет (б. з. 98-ж.). Римдин Рейн дарыясынан чыгыш аймактарды каратып алууга жасаган бир нече жолку аракеттери ийгиликсиз аяктаган. 4-6-кылымда к?пт?г?н уруулардын жер которуусу жана алардын жергиликт?? уруулар менен ?з ара аралашуусунун натыйжасында германдардын жа?ы уруулук бирикмелери пайда болгон. Элдердин Улуу к?ч??с? доорунда Германияда (Рейн, Эльба дарыясы менен Альпынын аралыгында) алеман, бавар, тюринг, сакс, фриз ж. б. уруулар отурукташкан. 6-8-кылымда бул уруу союздарын франктар багындырып, Франк мамлекетинин курамына кошкон, ушул эле мезгилде герман урууларынын арасында христиан дини таркай баштаган. Франк мамлекети кулаганда (843-ж., Верден келишими) герман уруулары жашаган аймак ?з?нч? б?л?н?п, Германия Чыгыш-Франк королдугунун (Людовик Немецкийге тийген) курамына кирген. Анын негизинде 10-кылымда ?з алдынча Германия королдугу т?з?лг?н. 962-ж. германдар Т?нд?к жана Орто Италияны каратып, Оттон I Рим папасынан император титулун алып, Ыйык Рим империясы т?з?лг?н; ал 1806-жылга чейин ?к?м с?рг?н. 10-15-кылымдарда славяндар жана Балтика боюндагы элдер мекендеген бир топ аймактар каратылган. 11-кылымдын аяк ченинен Германияда феодалдык мамилелер ??рч?п, шаарлар д?рк?р?п ?с? баштайт. Кээ бир шаарлар (Кёльн, Аугсбург, Майнц ж. б.) мурдагы рим сепилдеринен ?с?п чыкса, кээ бирлери соода жана кол?н?рч?л?к кыштактары катары пайда болгон. 11-кылымдын орто ченинде айрым феодалдар ?з алдынча болууга умтулат. Ага немец феодалдарынын Чыгышка экспансиясы белгил?? даражада жардам берген. 12-кылымда Фридрих I Барбароссанын бир нече ийгиликт?? жортуулдарынын натыйжасында Ыйык Рим империясынын аймагы ке?ейген. 13-кылымдан баштап ири княздар к?з карандысыз боло баштайт. Алардын ?т? кубаттуулары (курфюрсттар) иш ж?з?нд? жалпы мамлекеттик маанил?? иштерди чечишип, королду (императорду) шайлоого укуктуу болушкан. 16-кылымдын баш ченинде Германияда католик чирк??с?н? каршы коомдук кыймыл – Реформация башталган. Бул мезгилде Дыйкандар согушу (1524-26) чыгып, Т?шт?к-батыш жана Борбордук Германияга жайылган. Княздар Реформацияны ?з м?д??с?н? пайдаланып, чирк?? жерлери менен чирк??н? б?т бойдон баш ийдиришкен. 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында соода жолдорунун Жер ортолук де?изден Атлантикага которулуусу Германиянын экономикасына терс таасирин тийгизген. 1618-48-жылдардагы Отуз жылдык согуш Германиянын абалын андан ары начарлатат. Вестфалия тынчтыгы (1648) Германиянын бытыранды болушун юридикалык жактан бекемдеген. Анын аймагы 300г? жакын княздыкка б?л?н?т. 17-18-кылымда эли немец тилинде с?йл?г?н эки ири мамлекет Австрия менен Пруссия к?ч ала баштайт. Революциядан чочулаган немец феодалдары менен княздары биргелешип, революциячыл Францияга каршы чыгат. 1792-ж. апрелде Австрия Франция согушунун башталышы Австрия менен Пруссия бириг??с?н? алып келет. Бирок француз армиясы алардын к?ч?н талкалап, 1795-ж. Пруссия Франция менен сепараттык тынчтыкка кол коёт. 1803-04-жылдары Наполеон Iнин аракети менен Германиядагы майда мамлекеттер жоюлат да, ири княздыктар (Австрия менен Пруссияга каршы пайдалануу ?ч?н) т?з?л?т. 1806-ж. Пруссия Франция менен кайра согушуп, дагы же?илет. Ушул жылы Наполеондун протектораттыгы менен Рейн союзу (16 немец мамлекети кирген) т?з?л?т. Наполеондун бийлиги кулагандан кийин, Вена конгрессинин (1814-15) чечими менен Австрия башчылык кылган Герман союзу (ага 39 немец мамлекети кирген) т?з?л?п, анда Австрия башчылык кылган. Германияда 1848-49-жылдары буржуазиялык-демократиялык революция болуп ?т?т. Бул революция ?лк?н? бириктир?? максатын к?зд?г?н. Революциянын же?илиши Германиянын ?жогортон? зордук менен биригишин шарттайт. 1862-ж. помераниялык юнкерлердин б?л?с?н?н чыккан Отто фон Бисмарк канцлердикке дайындалып, Германияны ?темир жана кан менен? (башкача айтканда курал колдонуп, кан т?г?? менен; немецче ?Blut und Eisen)? бириктир?? жолуна т?ш?т. Пруссиянын Дания (1864), Австрия (1866), Франция (1870-71) менен согуштары Германияны бириктир??г? алып келет. 1871-ж. Германия империясы т?з?л?п, Пруссиянын королу Вильгельм I император деп жарыяланган. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Германия экономикалык жактан тез ?н?г?п, Европада биринчи орунга чыгып, Африкадагы бир нече ?лк?л?рд? колониялап алат. Герман империализми башка империалисттик державалар б?л?п алган жер шарын кайра б?л?шт?р??г? умтулуп, анын агрессиячыл саясаты 1-д?йн?л?к согушка (1914-18) алып келген. Бул согушта Германия жана анын союздаштары (?чт?кт?р союзу) же?ил??г? учурап, Версаль тынчтык келишиминин (1919) шарттары боюнча колонияларынан жана аймагынын бир б?л?г?н?н ажыраган. 1918-ж. ноябрда Германиядагы революциянын жыйынтыгында монархия кулатылып, 1919-ж. 31-июлда Веймар республикасынын т?з?л?ш? жарыяланган. Версаль тынчтык келишиминин оор шарттары, 1929-33-жылдагы д?йн?л?к кризистер Германиянын экономикалык абалын начарлаткан. 1933-ж. Германияда Гитлер фашисттик диктатураны орнотуп, милитаристтик саясатты баштаган. 1936-ж. Германия Япония менен ?Антикоминтерндик пактыны? т?з??г? демилгечи болгон, 1937-ж. ага Италия кошулган. 1936-39-жылдары гитлердик Германия жана фашисттик Италия республикасы Испанияга каршы интервенция жасаган. 30-жылдары Германия ко?шу мамлекеттерге каршы багытталган агрессия жолуна т?шк?н. 1938-ж. мартта Австрияны (аншлюс), 1938-39-жылдары Чехословакияны басып алган. Гитлердик Германия 1939-ж. 1-сентябрда Польшага кол салып, 2-д?йн?л?к согуш башталган. 1940-ж. гитлерчилер Дания, Норвегия, Люксембург, Бельгия, Голландияны басып алып, Францияны багындырган. Алар 1941-жылдын башында Грекия менен Югославияны караткан. Ал эми 1941-ж. 22-июнда СССРге кол салган. 1945-ж. 8-майда фашисттик Германия антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттерге багынып берди. Натыйжада ?лк? 4 зонага (советтик, америкалык, англиялык, франциялык) б?л?нд?. Потсдам конференциясында (1945) 4 держава Германияда демилитаризациялоо, денацификация жана демократиялаштыруу ж?рг?з??г? милдеттенишкен. 1946-ж. 2-декабрда АКШ менен Улуу Британия ?зд?р? оккупациялап турган зоналарын бириктир?? (?Бизония?) келишимине кол коюлуп, 1948-ж. Батыштагы державалар ?з зоналарын бириктир?? жана батыш Германияда сепараттык мамлекет т?з?? чечимин кабыл алышты. 1949-ж. ?лк? эки б?л?кк? б?л?н?п, батышта Германия Федерация Республикасы (ГФР, борбору Бонн шаары) жана чыгышта 1949-ж. 7-октябрда советтик аскерлер турган аймакта Германия Демократия Республикасы (ГДР, борбору Берлин шаары) т?з?лг?н. Эки герман мамлекети бири-бирине каршы аскердик-саясий союздарга кирген жана эки башка ?н?г?? жолуна т?шк?н. АКШнын колдоосу менен ГФРдин экономикасы тез ?н?кк?н. 1949-63-жылдары ГФРдин тарыхында ?Аденауэр доору? аталды. Бул мезгилде ГФР бир топ экономикалык ийгиликтерге жетишти. Германия алды?кы ?лк?л?рд?н катарына чыкты. В. Брандт (1969-74) жана Г. Коль (1982-99) жетектеген мезгилде ГФР Батыш Европа мамлекеттери менен саясий жана экономикалык интеграциялануу процессин ж?з?г? ашырды. Ал эми социалисттик ?н?г?? жолун тандаган ГДР ко?шу мамлекеттен ?н?г?? де?гээли боюнча бир топ артта калган. Анын жарандары ГФРге массалык т?рд? ?т? баштаган. 1961-ж. эки герман мамлекеттин ортосуна тосмо Берлин дубалы орнотулган. 1982-ж. канцлердик постту Г. Коль ээлеген. 1990-ж. 3-октябрда ГФР жана ГДР биригип, Берлин шаары бириккен Германиянын борбору деп жарыяланган. 1998-ж. парламенттик шайлоодо ГСДП же?ип чыгып, лидери Г. Шрёдер канцлер болуп дайындалган. Тышкы саясатта Германия 2002-ж. АКШнын Иракка кол салуусуна каршы чыккан. 2005-ж. Ангела Меркель ГФРдин федералдык канцлери болуп шайланды. Кыргызстандын ГФР менен байланышы системалуу жана туруктуу ?н?г??д?. Германия Кыргызстанга негизинен техникалык жана финансылык жардам к?рг?зг?н мамлекеттердин бири. Ошондой эле аскердик-саясий, билим бер??-гуманитардык, социалдык-экономикалык биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Кыргызстан Германиянын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Ке?ешине туруктуу м?ч? катары кабыл алынышын жактап чыгууда.
Экономикасы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Германия ?н?кк?н индустриялуу ?лк?. Ички Д?? прдукциясынын (ИДП) к?л?м? боюнча (2009-ж. 2 триллион 811 миллиард доллар) менен д?йн?д? 5чи (АКШ, Кытай, Япония, Индиядан кийин), Европада 1-орунда, аны киши башына б?л?шт?рг?нд? (40 ми? доллар чамасында) д?йн?д? 18-, Европада 13-орунду ээлеген. Саны боюнча кичи жана орто бизнестеги ишканалар басымдуулук кылып, анда ИДПнин 49% ?нд?р?л?т. Ал эми ИДПнын 51% ?лк?г? жана чет элдик капиталга таандык ири компаниялар т?з?т (2003). ?н?р-жайында жана курулушта Германиянын ИДПсинин 28,6%и т?з?л?т. Германия индустриясы сатуу наркы (550 млрд доллар чамасында; 2004) боюнча д?йн?д? 3-орунду (АКШ, Япониядан кийин) ээлейт. ?н?р-жай ?нд?р?ш?н?н структурасында иштеп чыгаруу индустриясынын тармактары ?ст?мд?к кылат. Башкы ?н?р-жай тармактары машина куруу (айрыкча жалпы жана транспорттук, электротехникалык жана электроника ?н?р-жайы, так механика жана оптика) жана химия (фармацевтика, резина-техникалык кошо); эски тармактардан тамак-аш (анын ичинде суусундук, тамеки ж. б.), целлюлоза-кагаз жана жыгач иштет??, полиграфия ?н?р-жайлары ?зг?ч?л?н?т. ?лк?н?н отун-энергетикалык структурасында нефть жана нефть продуктусу 39%ти, к?м?р (таш жана к?р?? к?м?р) 25%ти, табигый газ 22%ти, ядро энергиясы 12%ти, гидроэнергия ж. б. калыбына кел??ч? энергия (негизинен шамал энергиясы) 2% ти т?з?т. К?пт?г?н батыш ?лк?л?рд?й эле Германияда импорттук энергияга ?т? к?з каранды. Энергияга болгон муктаждыктын 57, 5 %ин импорт камсыз кылат (2005). ?з?н?н нефть аз (жылдык ?лч?м? 5 млн т ) казылып алынат. Газ казып алуу боюнча Европада Россия, Улуу Британия, Норвегия, Нидерланддан кийинки 5-орунду ээлейт; экономикасынын газга болгон муктаждыгынын 1/5 б?л?г?н гана камсыз кылат. Табигый газды негизинен Россиядан, Норвегиядан, Нидерланддан, Польшадан, ошондой эле Т?нд?к де?издин британиялык жана даниялык секторлорунан алат. Газ жана нефть кендери Т?нд?к Германия ойду?унда, Альп ?нд?р?нд? жайгашкан. Германия 2005-ж. 112,2 млн т нефть сырттан сатып алган, анын 29% Россияга, 18% Норвегияга, 13% Улуу Британияга, 33% (Нефть экспорттоочу ?лк?л?рд?н уюмуна (ОПЕК) м?ч? мамлекеттерге (анын ичинде 11% Ливияга) таандык. Таш к?м?р ?н?р-жайы мурда ?лк?н?н экономикасында ?т? маанил?? болсо, 1950-жылдардын ортосунан ал кризистик абалда. К?м?р казып алуу жылдан жылга т?м?нд??д? (1955-ж. 72 млн т казып алынса, 2005-ж 25 млн ога гана жеткен). К?м?рд?н 93% Европадагы э? ири Рур (Т?нд?к Рейн-Вестфалия жеринде), 7% Саар к?м?р бассейндеринен казып алынат. Рур к?м?р кенинин базасында континенттик Европадагы ири металлургия, машина куруу, электр-энергетика, химия индустриясы т?з?лг?н, ?RAG AG? компаниясы Рур бассейнинде ?нд?р?лг?н к?м?рд?н 95%ин к?з?м?лд?йт. Мурда ташк?м?рд? экспорттоочу ?лк? азыр к?м?рд? сырттан (Польша, T?шт?к Aфрика Республикасы, Австралия, АКШ, Колумбиядан, ошондой эле Россия, Кытайдан) сатып алууда (2005-ж. 37 млн т). Германиядагы к?р?? к?м?рд?н запасы болжол менен 43 млрд т деп болжолдонот. Ал негизинен электр-энергетика жана химия ?н?р-жайларында пайдаланылат. К?р?? к?м?рд?н негизги кендери Т?м?нк? Рейн, Орто?ку Германия, Т?м?нк? Лауз бассейндеринде. Кен ачык жол менен казылып алынат. ?лк?д? нефтини кайра иштеп чыгаруучу ондон ашык заводу бар; алардын кубаттуулугу боюнча (2005-ж. 125 млн т чийки нефтини иштеп чыгарган) Германия Европада 3(Россия, Италиядан кийин), д?йн?д? 7-орунду ээлейт. Мурда ?Достук? кууру аркылуу ГДРди СССР нефть менен камсыз кылып турган. Нефтини кайра иштет??н?н негизги борборлору: Гамбург, Ингольштадт, Карлсруэ, Гельзенкирхен жана Кёльндин чет-жакалары. 2013-жылга карата электр-энергиясынын пайдалануу 325,0 млн нефти эквивалентине барабар болуп, анын 34,5 %тин нефти, 25,0 %ин таш к?м?р, 23,2 %ин жаартылыш газы, 6,8 %ин ядролук энергия, 1,4 %ин суу, калган 9,1 %ин ж. б. энергиялар т?зг?н. АЭСтен электр энергия ?нд?р?? боюнча Германия д?йн?д? 4-орунду (АКШ, Франция, Япониядан кийин) ээлейт. Батыш жерлеринде 14 АЭС (кубаттуулугу 21 ми? МВтдан ашкан 19 генератор) иштейт. Ядро отунун алуу ?ч?н Германия сырттан уран рудаларын (негизинен Канада, Австралия, Нигерден), уран концентратынын чала продуктусун (урандын гексафторидин Канададан, Франциядан, Улуу Британиядан) алат. Германиянын гидроэнергия ресурстары чамалуу гана, ы?гайлуулары пайдаланылууда. Э? ири ГЭС ?Witzan?, анын кубаттуулугу 200 МВт. ГЭСтери негизинен Альп тоолорундагы жана анын ?нд?р?нд?г? дарыяларга курулган. Германия энергиянын альтернативалык булактарын пайдалануу боюнча д?йн?д?г? алды?кы ?лк?л?рд?н бири. Т?нд?к де?издин жээгинде Европадагы э? ири шамал электр курулмалар паркы бар; алардын кубаттуулугу боюнча (15 ми? МВт; 2003) Германия д?йн?д? 1-орунду ээлейт.
Металлургиясы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Кара металлургия. Германия индустриясынын эски тармактарынын бири. Ал Рур, Саар бассейндериндеги коксталуучу к?м?рд?н жана Лотарингия темир кен-ташынын базасында ?н?кк?н. 21-кылымдын башталышынан бул тармак импорттук сырьёлорду пайдаланууга ?тт?. Германия темирди негизинен Бразилия, Австралия, Либерия, Венесуэла, Канада, Кытайдан, ?лк?н?н т?нд?г?нд?г? заводдору Швециядан алат. Ошондой эле металл сыныктары да ке?ири пайдаланылат. Чоюн (2004-ж. 29,4 млн т ?нд?р?лг?н; дээрлик ?лк?н?н ички муктаждыгы ?ч?н пайдаланылат) жана болот (46,4 млн т) ?нд?р?? боюнча Германия Европада 2-, д?йн?д? 6-орунду (Кытай, Япония, АКШ, Россия, Т?шт?к Кореядан кийин) ээлейт. ?н?р-жай ишканаларынын к?б? (болот эрит??н?н 70%ке жакыны) Рур индустриялуу районунда жайгашкан. Металлургиянын ири борборлору: Дуйсбург (толук циклде иштеген 3 комбинаты бар), Дортмунд, Бремен, Зальцгиттер, Оснабрюк, Чыгыш Германияда Айзенхюттенштадт. Германия болот экспорттоочу башкы мамлекет – ал дээрлик прокат жана труба т?р?нд? сыртка сатылат; ошол эле убакта кара металлургиянын продукциясынын к?п т?р? сырттан сатылып алынат. Т?ст?? металлургиясынан (негизинен сырттан алынган сырьё менен иштеген) алюминий ?н?р-жайы ?зг?ч?л?н?п турат. Алгачкы алюминийди ?нд?р?? (2003-ж. 0,5 млн т чамасында) боюнча Батыш Европада Норвегиядан кийин 2-, д?йн?д? 8-орунду ээлейт. Ири ишканалары Рейн-Вестфалия районунда (?нд?р?ш?н?н 1/2 нен ашыгы); негизги борборлору: Эссен, Нойс, Ферде. Ошондой эле жез, коргошун (Батыш Европада 1-орунда), цинк ?нд?р?л?т.
Машина куруу
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Машина куруу – индустриянын негизги тармагы; ал металл иштет?? менен кошо ?н?р-жай продукциясынын дээрлик 1/2 б?л?г?н берет. Сатуу к?л?м? боюнча д?йн?д? АКШ, Япониядан кийинки 3-орунду ээлеп, ?лк?н?н товардык экспортунун 1/2 б?л?г?н?н ашыгын камсыз кылат. Машина куруунун ири тармагы жалпы машина куруу (?н?р-жайында иштегендердин 15%; сатуу к?л?м?н?н 11%ке жакыны). Бул тармакта негизинен чакан сериялуу ?нд?р?шт? кесиптенген 4,5 ми? фирма иштейт. Германия станок чыгаруу боюнча д?йн?д? 2-орунда туруп, анын 50%тен ашыгын сыртка сатат; алардын ичинен д?йн?л?к рынокто аспаптык жана текстиль станоктору, жыгач иштет?? жабдуулары, пластмасса ?нд?р?шт?р? ?т? жогору бааланат. Оор машина куруу ?н?р-жайы оор машиналарды, крандарды, тоо-шахта жана энергетика жабдууларын, оор электр-техникасын, ошондой эле металлургия заводдору ?ч?н жабдууларды чыгарат. Ишканаларынын к?б? Рур индустриялуу районунда.
Автомобиль ?н?р жайы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Автомобиль ?н?р-жайы – эл аралык германиялык машина курууга адистешкен негизги тармактардын бири. Жалпы автомобиль чыгаруу боюнча д?йн?д? (2014-ж. 5 908 ми?, д?йн?л?к автомобилдин 30%) ?ч?нч? (АКШ, Япониядан кийин), же?ил автомобилдерди чыгаруу боюнча (5192 ми?, 32%) Япониядан кийинки 2-орунду ээлейт. Ошондой эле 175 ми? ж?к ташуучу же?ил, 194 ми? оор ж?к ташуучу машина, 10 ми? автобус чыгарат. Германиядан чыккан белгил?? же?ил автомобилдер: Volkswagen, BMW, Opel, Audi, Porshe, Mersedes - Benz. Машина куруу комбинаттарында кубаттуу локомотивдер менен кошо атайын максаттагы автомобилдер, дизель, машина куруу продукцияларын, брондолгон танк техникасын (НАТО ?ч?н ?Леопард? танкасын) ж. б. чыгарат.
Космостук ?н?р жайы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Авиация жана ракета-космостук ?н?р-жайы граждандык жана аскердик самолётторду, вертолёт, ошондой эле ракета жана спутник, радар системаларын, авиация жана ракета кыймылдаткычтарын чыгарат. Кеме чыгаруу боюнча Т?шт?к Корея, Япония жана Кытайдан кыйла кийинки, ал эми Европада алды?кы, орунду ээлейт (21-кылымдын башталышында жылына 0,8 млн рег-брутто т). Анын 60% экспортко чыгарылат. Электр-техникалык, электрондук жана прибор куруу ?н?р-жайы, ошондой эле ке?се машиналарын куруу, офис жабдууларын чыгаруучу тармактары тез темп менен ?н?г??д?. Германия электртехникалык жана электрондук жабдууларды экспортоочу негизги ?лк?л?рд?н бири; анда робот-техникаларды, АЭС ?ч?н реакторлорду да чыгарат. Германия электрондук ?н?р-жай ?нд?р?ш?н?н к?л?м? жана ?н?г?? де?гээли боюнча Европа шериктештиги ?лк?л?р?н?н ичинен 1-орунду ээлейт, бирок АКШ менен Япониядан кыйла артта.
Химия ?н?р жайы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Химия ?н?р-жайы (фармацевтика жана радиотехникалык кошо) Германиянын чарбалык адистеш??с?н?н маанил?? тармагы болуп саналат. ?нд?рг?н продукциясынын к?л?м? боюнча Германия Европада 1-, д?йн?д? 3-орунду ээлейт; химикаттарды экспорттоо боюнча д?йн?д? алды?кы орунда. Токой жана жыгач иштет?? ?н?р-жайы, курулуш материалдар жана айнек-карапа ?нд?р?? да ?н?г??д?. Же?ил ?н?р-жайынын д?йн?л?к рыноктогу эрегиштиги ?т? курч (кездеме, килем, трикотаж, спорттук кийимдер, булгаары бут кийим ж. б.). Полиграфия ?н?р-жайы ?н?кк?н. Европа шериктештиги ?лк?л?р?н?н ичинен Германия пивосу жана тамеки продукциясы боюнча ?зг?ч?л?н?т. Пиво ?нд?р?ш?н?н к?л?м? боюнча (2004-ж. 108,3 млн, 4000ден ашык сорту бар) Германия Европада 1, д?йн?д? 3-орунду (Кытай, АКШдан кийин) ээлейт; 2 ми?ден ашык пиво заводу иштейт. Пиво ?нд?р?ш?н?н 1/4 Бавариядан, 1/5 Т?нд?к Рейн-Вестифалияда. Шарап чыгаруу боюнча д?йн?д? 6-8-орундарды ээлейт. Эт ?нд?р?? ?н?р-жайында (колбасанын т?рл?р? ж. б.) чочко этин иштет?? (Европа шериктештигинде 1-орунда) ?зг?ч?л?н?т. Ошондой эле жууган май, маргарин, быштак, балык продуктуларын, консерва ж. б. продукцияларды да чыгарат. Шоколад чыгаруу боюнча Германия Швейцария, Нидерланд менен кошо Европада ?ч алды?кы орунду ээлейт.
Айыл чарбасы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Айыл чарба ?нд?р?ш?н? (токой жана балык чарбалары кошо) ИДПнин 1,1% жана иштегендердин 2,8% туура келет (2004). Агрардык сектордо иштегендердин жана дыйкан чарбаларынын саны жылдан жылга кыскарууда. Германиянын айыл- чарба ?т? ургаалдуулугу менен ?зг?ч?л?н?т. Айыл-чарба продукциясын ?нд?р??ч? д?йн?д?г? алды?кы он ?лк?н?н ичине кирет (д?йн?л?к к?л?мд?н 2,3%); Европада Франция, Италиядан кийин 3-орунда жана азык-т?л?кт?н к?л?м? боюнча (2,0% , Франциядан кийин) 2-орунда. Агрардык продукциянын д?йн?л?к соодасында Германия алды?кы орундардын бирин (экспорт боюнча АКШ, Франциядан, импорт боюнча АКШдан кийин) ээлейт. Германия азык-т?л?кк? болгон муктаждыктын 90%ин ?з? камсыз кылат, ал эми жетишпеген айыл-чарба продукциясын (негизинен тропиктик жана субтропиктик м?м?-жемиштерди, жашылчанын айрым т?рл?р?н, чай, кофе, какао ж. б.) импорттон толуктайт. Айыл-чарбага жарактуу жери (17,0 млн га; 2003) жер фондусунун 54,7%ин ээлейт, анын 68,3% айдоо жер, 30,4% шалбаа, жайыт, жа?ы к?ч?тт?р, 0,7% бак-дарак жана огород, 0,6% ж?з?м ээлейт. 1990-2000-жылдары жер фондусунда айыл-чарбага жарактуу жердин ?л?ш? кыскарып, токой-паркы ээлеген жерлер ке?ейип баратканы байкалган. Германиянын батыш жерлеринде фермер чарбалары басымдуу, чыгышында бир жактуу адистешкен мамлекеттик ?элдик ишканалар? жана ?нд?р?шт?к кооперативдер бар. Германияда айыл-чарба ишканаларынын орточо ?лч?м? (2003-ж. 32 га) боюнча батыш (19 га) чыгыш жерлеринин (100 га) ортосунда айырма зор. Германия айыл-чарбасына техниканы колдонуу боюнча (1000 га айдоо жерге 80 трактор туура келет) д?йн?д? алды?кы ?лк?л?рд?н бири. Айыл-чарбасын химиялаштыруу де?гээли да жогору, бирок прогрессивд?? экологиялык таза технологияны киргиз??г? байланыштуу минералдык жерсемирткичтерди пайдалануу жылдан жылга кыскарууда (1990-ж. 3,4 млн т, 2003-ж. 2,6 млн т пайдаланылган). Айыл-чарбанын башкы тармагы мал чарбасы (айыл-чарба продукциясынын жалпы к?л?м?н?н 70%). Анын негизи уй чарбасы (айыл-чарба ?нд?р?ш?н?н 40%). Бодо малынын саны боюнча Европада Франциядан гана кийин турат. С?т жана с?т-эт багытындагы мал чарбасынын мааниси зор. С?т ?нд?р?? (27,8 млн т; орто эсеп менен бир уйдан жылына 6 т дай с?т саап алынат) боюнча Европада 1, д?йн?д? 4-орунду ээлейт; с?т продукциясынын бир б?л?г?н экспортко чыгарат. Чочконун саны (26,3 млн) боюнча Европада 1-, д?йн?д? Кытай, АКШ, Бразилиядан кийин 4-орунда. Куш жана кой (2,7 млн) чарбалары да ?н?кк?н. Германия эт ?нд?р?? боюнча Европа шериктештигине кирген ?лк?л?рд?н ичинен 1-орунда турат (6,6 млн т; анын ичинде чочко эти 4,2 млн т, уй жана музоо эти 1,2 млн т; куш эти 1,0 млн т ж. б.). ?с?мд?к ?ст?р??ч?л?к (агрардык продукциянын 33% ке жакыны) к?б?нч? мал чарбасынын муктаждыгына байланыштуу; тоют жана ч?п ?с?мд?кт?р? себилген аянт азык-т?л?к ?с?мд?кт?р?н?н кыйла кенен; алар дан жана дан-буурчак, картошка, тамыры тоют жана ч?п (беде, люцерн ж. б.) ?с?мд?кт?р?, техникалык ?с?мд?кт?р (рапс, кант кызылча ж. б.); ошондой эле жашылча, м?м?-жемиш, ж?з?м ж. б. ?ст?р?л?т. Дан эгининин д?? жыйымы (2003-ж. 43,4 млн т) боюнча Германия Европада Франциядан кийинки 2-, д?йн?д? 7-орунду ээлейт. Дан эгининин орточо т?ш?мд??л?г? гектарынан 65,5 ц (2003); Германия азыктык дан менен ?з?н толук камсыз кылат; ал эми тоюттук дандын кыйла б?л?г?н сырттан сатып алат. Негизги дан эгини буудай (жыйымы боюнча Европада Россия менен Франциядан кийинки 3-орунда; андан сырткары арпа (11,0 млн т; Россиядан кийин 2-орунда; айрым сорттору пиво жасоого пайдаланылат), кара буудай (3,7 млн т); ошондой эле ж?г?р? (3,7 млн т; жашыл тоют жана силос ?ч?н), сулу (1,0 млн т; д?йн?д? 7-орунда). Кулмак (хмель) жыйноо боюнча д?йн?д? 1-орунду ээлейт.
Токой чарбасы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Токой чарбасында жыгач даярдоо эмес, токойду калыбына келтир??, ?лк?н?н токой фондусун сактоо, токойдун сапаттык курамын жакшыртуу маанил?? болуп саналат. Балык чарбасы ички муктаждыкты канааттандыра албайт. 2003-ж. 184 ми? т де?из балыгы (негизин треска, сельдь), анын ичинде 16 ми? т рак сымалдар, 8 ми? т молюска; тузсуз суулардан 66 ми? т балык кармалган.
Тейл?? ч?йр?с?
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Тейл?? ч?йр?с? ?лк?н?н ири экономикалык сектору; анын ИДПдеги ?л?ш? (1995-ж. 66,6%; 2004-ж. 7,3%) жана анда иштегендердин саны тынымсыз ?с??д?. Тейл??н?н жалпы к?л?м? (1,3 трлн доллар; АКШ жана Япониядан кийин) жана аны экспорттоо (100 млрд доллар, АКШ жана Улуу Британиядан кийин) боюнча д?йн?д? 3-орунду ээлейт. Тейл?? ч?йр?с?н?н маанил?? тармактары: ишкердик жана кесиптик жактан тейл?? (2004-ж. ИДПнин 24,9%ин т?зг?н), финансылык тейл?? (5,2%), транспорт жана байланыш (6,7%), д?? жана чекене соода (9,6%), мейманкана бизнеси жана туризм инфраструктурасы (2,3%), илим-билим жана саламаттыкты сактоо (11,7%) ж. б. тейл?? т?рл?р? (9,9%). Германия д?йн?д?г? э? жыш ички транспорттук коммуникациясы бар ?лк?. Ж?к жана ж?рг?нч? ташууда автомобиль транспортунун мааниси зор. Ички ж?кт?н 66% автотранспорт, 17% темир жол, 13% ички суу жолу, 3,5% куур транспорту, 0,5% де?из каботажы менен ташылат. Ж?рг?нч?л?рд?н 90% автотранспорт, 6% темир жол, 4% транспорттун башка т?рл?р? (авиация, ички суу жолу, де?из ж. б.) менен ташылат. Автомобиль жолунун уз. 231,6 ми? км (2004). Германияда 50 млн автомобиль бар, анын 44,9 млну же?ил машина (Европада 1-орунда; 2003). Калкынын же?ил машина менен камсыз болушу (1000 адамга 544 же?ил машина туура келет) боюнча д?йн?д? алды?кы орундардын бирин ээлейт. Темир жолунун уз. 47,2 ми? км (2005), анын 19,7 ми? кми электрлештирилген (2005); темир жолунун жыштыгы боюнча Европада Бельгия, Люксембургдан кийин 3-орунда. Жогорку ылдамдык ?ч?н автомобиль жана темир жолдору бар. Германиянын де?из порттору аркылуу жылына 250 млн т га жакын ж?к ташылат; каботаждык ж?к ташуусу 5-8 млн ошондой ?лк?н?н де?из соода флотунун негизин 396 чо? кеме т?з?т; алардын ар биринин суу сыйымдуулугу 1000 рег-брутто т. Алар ж?рг?нч?д?н сырткары контейнер, химикат, нефть, суюлтулган газ (танкерлер менен) ж. б. ташыйт Ошондой эле Германиянын кеме ээлерине жалпы суу сыйымдуулугу 2,5 млн рег-брутто т болгон 2300 кеме таандык; алар негизинен Либерия, Панама, Кипр ж. б. ?лк?л?рд?н желеги менен ж?р?т. Германия флотунун курамында 13 паром да бар; алар негизинен Скандинавия ?лк?л?р? менен байланыштырат. Э? ири де?из порту: Гамбург (ж?к ташуусу боюнча Европада Роттердамдан кийин 2-, д?йн?д? 8-орунда турат); башка маанил?? порттору Бремен-Бремерхафен (порт т?й?н?), Росток, Эмден, Любек, Киль; Германиянын нефть порту Вильгельмсхафен. Ички суу жолунун ?лк?н?н экономикасында мааниси зор (анын уз. 7467 км; 2005). Дарыялар, каналдар жана к?лд?р аркылуу жыл сайын 270 млн ога чейин ж?к ташылат (анын 2/3 синен ашыгы мамлекеттер аралык ж?кт?р). Ж?кт?н 65%тейи Европанын дарыя транспортунун артериясы болгон Рейн аркылуу ташылат. Дарыя каналдар системасы да ?н?кк?н; алар: Майн Дунай (жалпы европалык мааниде; Т?нд?к де?изди Кара де?из менен байланыштырат); Орто Германия каналы (Т?нд?к де?изге куйган ири дарыялардын, анын ичинде Рейн, Эльбанын алаптарын бириктирет); Рур каналдары (Рурдун индустриялуу борборлорун Рейн менен байланыштырат), Дортмунд Эмс, Эльба каналдары (Т?м?нк? Саксониянын ?н?р-жайлуу борборлорун Гамбург менен т?з байланыштырат). Киль каналы (Т?нд?к жана Балтика де?издерин туташтырат) аркылуу дарыя жана де?из кемелери ж?р?т. Авиатранспортунун эл аралык, айрыкча ж?рг?нч? ташууда мааниси ?т? зор. Авиапаркында 1,4 ми? самолёт бар, анын 377си ж?рг?нч?л?рд? ташуучу лайнер (2003). ?лк?д? 552 аэропорт жана аэродром, 33 вертолёт аэродрому бар (2005), 16 аэропорт эл аралык статуска ээ. Эл аралык э? ири аэропорттору: ФранкФурт-на-Майне (Европада ж?к ташуусу боюнча 1-, ж?рг?нч? ташуусу боюнча Лондондон кийин 2-орунда; жылына 40 млндон ашык авиа ж?рг?нч? ташылат), Мюнхен, Гамбург, Кёльн-Бонн, Дюссельдорф, Берлин ж. б. Нефть куурунун жалпы узундугу 3540 км, нефть-продукт трубасы 3827 км, газ трубасы 25293 км (2004). Негизги нефть трубалары: Трансальм Лавера (Марсель) Карлсруэ Ингольштадт, Генуя Ингольштадт жана Триест Ингольштадт, Роттердам Рейн (Кёльнга чейин), Вильгельмсхафен Кёльн. ?Достук? нефть кууру аркылуу Россиядан нефть, ири газ трубалары аркылуу Россиядан (Польша, Чехиянын аймактары аркылуу), Нидерланддан, Т?нд?к де?из жээгинен газ алат. Т?нд?к Европадан газ трубасы (Выборг Грайфсвальд; Балтика де?изинин т?б? менен) курула баштады (2005). Германия сырткы соодасынын к?л?м? боюнча д?йн?д? 2-орунда: 21-кылымдын башында д?йн?л?к товардык экспорттогу ?л?ш? 10 11%ти, импорттогусу 9 -10%ти т?зд?. Сырткы соода сальдосу адатта о? мааниде: товардык экспорттун наркы 1016 млрд доллар, импорттуку 801 млрд доллар (2005). Экспортунун жана импортунун товардык структурасында даяр продукциялар ?ст?мд?к кылат. Экспортунда даяр продукциялардын ?л?ш? 86% , анын 60%ин товардык 5 топ берет: автомобиль куруу, химиялык индустрия, жалпы машина куруу, электр-техникалык жана электроника, так механика жана оптика ?н?р-жай продукциялары; ошондой эле азык-т?л?к, полуфабрикаттар, отун, сырьё. Транспорттук машина куруу продукцияларынан же?ил жана ж?к ташуучу автомобилдер, авиация техникалары, автомобиль жана авиация кыймылдаткычтары, ошондой эле темиржолдун кыймылдуу б?л?кт?р?, де?из кемелеринин айрым т?рл?р? сыртка сатылат. Германия азык-т?л?к, тамеки, же?ил ?н?р-жай продукцияларын (кийимди экспорттоо боюнча д?йн?д? Кытай жана Италиядан кийинки 3-орунда) экспорттоочу негизги ?лк? болуп саналат. Импортунун структурасында 71%ти даяр продукциялар (транспорт каражаттары, машина жана жабдуулар, химикаттар, металлдар, текстиль), 9%ти азык-т?л?к, 8%ти полуфабрикаттар, 8%ти отун, 4%ти сырьё т?з?т. Сырткы соодасынын 70%тен ашыгы европалык ?лк?л?рг? таандык. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Улуу Британия, Италия, Нидерланд, Бельгия, Австрия, Швейцария, Испания, ошондой эле Япония, Кытай, Россия. Германия д?йн?г? товарларды гана экспорттобостон, ошондой эле капиталды жана т?рд?? (транспорттук, ишкердик, финансы, камсыздандыруу, соода-далдалчылык, информ., рекреациялык) тейл??л?рд? да экспорттоочу негизги ?лк? болуп саналат.
Маданияты
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Билим бер?? системасы акысыз, борборлошпогон. Окуу 6 жаштан 18 жашка чейин милдетт??. Орто мектептер негизги, реалдык, гимназия, бириккен болуп б?л?н?т. Жогорку окуу жайларына ?тп?й калган орто мектепти б?тк?нд?р ?ч?н (18 жашка чейинкилер) милдетт?? кесиптик билим бер?? к?пт?г?н кесиптик окуу жайларында ишке ашырылат. 2003-ж. 9,5 ми? кесиптик окуу жайынан 2,7 млн окуучу билим алышкан. Жогорку окуу жайларына университетттер, медициналык, философиялык, спорттук коллеждер кирет. Эски жогорку окуу жайлары: Берлиндеги Гумбольдт университети, Гейдельберг университети, Кёльн университети, Лейпциг университети, Мюнхен университети, Гёттинген университети, Тюбинген университети (1477), Мюнстер университети (1780), Бонн университети (1818). техникалык университеттер: Брауншвайга (1745), Берлин (1946), Дрезден (1828) ж. б. Ири илимий мекемелери: Берлин институту,Бранденбург илимдер академиясы, ?Леопольдина? академиясы, искусство академиясы (1696), Берлин социалдык илимий-изилд?? борбору ж. б. Германияда 12 ми? элдик жана 1 ми? илимий китепкана иштейт. Дойче Пресс Агентур ири маалымат агентчилиги (1949-ж. негизделген) бар. Биринчи гезит 1609-ж. чыккан. 2004-ж. 355 гезит (анын 135 к?н сайын), 780 жакын журнал басылып чыккан. Радио уктуруусу 1923-жылдан, теле к?рс?т??с? 1935-жылдан иштейт. Байыркы герман фольклорунан бизге жеткени ?Хильдебрант ж?н?нд? ыр? (810-ж.), ?Мерзебург ?р??нд?р?? (10-к.) сыяктуу адабий эстеликтер. Элдик ?н?рпоздор деп аталышкан шпильмандар 12-13-кылымда байыркы германдардын баатырдык эпосторун жаратышкан жана элдик оозеки поэзиянын салттарын улантышкан. ?Нибелунгдар тууралуу ыр? (1200-ж. чыккан) аттуу эпосу Европанын фольклор тарыхында к?рк?мд?г?, мазмундуулугу менен ?зг?ч?л?нг?н. Эпос байыркы ?Аттила? (?Едил?) дастанынын негизинде жазылган. Вольфрам фон Эшенбахтын ?Парцифаль? (1198-1210-ж. чен) жана Готфрид Страсбургдун ?Тристан жана Изольда? (1210-ж. ченде) деген романдары жаралган. 14-кылымдан Германия жазма адабияты пайда болуп, драмалык чыгармалар жазыла баштаган. Ф. Хеммерлин (1398-1460), М. Лютер (1483-1546), Ганс Сакстын (1494-1576) чыгармалары немец адабиятындагы гуманизм доорунун эстеликтери. Кайра жаралуу доорунда (16-кылым) ?н?кк?н гуманисттик адабият динге каршы багыттагы чыгармаларды (У. фон Гуттен ж. б. гуманисттер бирге жазган ?Т?рк?й адамдардын каттары?, 1515-17; Эразм Роттердамский, ?Акмакты мактоо?, 1509) жаратты. 17-кылымдын адабияты диний кризистин башталыш учурунда ?н?кк?н. Акын М. Опиц (1597-1639) классицизм принцибин жактаган (?Немец поэзиясы ж?н?нд? китеп?, 1624). 17-кылымдагы немец адабиятынын туу чокусу X. Я. Гриммельсхаузендин ?Симплициссимус? (1669) чыгармасы барокко адабияты ке?ири тараган учурда жазылган. М. Опиц (1597-1639), Г. Векерлин (1584-1653) улуттук адабиятта классицизмди ?н?кт?рс?, X. Гриммельсхаузен (1621-76), И. К. Готшед (1700-66) ж. б. агартуучулук багытында болушту. Лессинг (1729-81) драмалык чыгармалары менен, ?Лаокоон? (1766), ?Гамбург драматургиясы? (1767-69) сыяктуу теориялык эмгектери менен адабиятта ?з ордун тапты. Улуу ойчул И. В. Гётенин ?Фауст? трагедиясы д?йн?л?к адабиятта татыктуу орун ээледи. И. Ф. Шиллер ?Каракчылар? (1781), ?Зулумдук жана махаббат? (1784) сыяктуу чыгармалары менен, Г. Гейне саясий лирикасы менен немец адабиятын бийикке к?т?рг?н. 19-кылымдын аянында Г. Манндын чыгармачылыгы башталган. Т. Манндын ?Будденброктор? (1901) романы реалисттик салтты уланткан. Германияда фашисттик ?ст?мд?к ?к?м с?рг?н мезгилде Б. Брехттин ?Кураж эне жана анын балдары? (1935)ж. б. драмалары, А. Зегерстин ?Жетинчи крест? (1939), ?Транзит? (1943) романдары жазылган. Ал А. Цвейгдин ?Тынчтык?, Э. Ремарктын ??м?р менен ?л?мд?н м??н?т?? ж. б. чыгармалар немец адабиятынын 20-кылымдагы жетишкендиктери. Немец адабияты 1949-ж. мамлекет экиге б?л?нг?нд?н кийин шарттуу т?рд? ГФР адабияты болуп калган. ГДР адабияты социалисттик идеологиянын багытында ?н?кт?. 1950-80-жылдарда А. Зегерс (?Чечим?), К. Вольф (?Б?л?нг?н асман?), Э. Штритматтер (?Тинко?, ?Оле Бинкоп?) ж. б. чыгармалары немец элинин кыйын кезе?деги тарыхын баяндаган. Б. Апиц, Р. Вернер, Э. Аренд, П. Винс, X. Лоберлер фашизмге каршы багыттагы чыгармаларды жаратышты. Г. Маурер, Ю. Брезан, Ф. Браун, X. Мюллер, X. Байерль, К. Хаммел сыяктуу с?р?тч?л?р аалам маселелерин к?т?рд?. 1950-80-жылдардагы ГФР адабиятынын ири ?к?лд?р?: Э. М. Ремарк, Б. Белл, В. Кеппен, С. Андрес, П. Шаллюк, X. Кипхард, Р. Хоххуте, П. Вайс ж. б. Айрым акын-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилине да которулган.
Архитектура жана с?р?т
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Германиянын аймагында байыртан эле герман, кельт, славян уруулары жана римдиктер колдонмо искусство чыгармачыларын (там-таш, чеп, эмерек, сайма ж. б.) ?н?кт?р?п келген. Орто кылымда чептери, ратуша, цех, кампа, д?к?н имараттары бар шаарлар ?с?п чыгып, архитектура менен скульптуранын роман (10-13-кылым, Шпайер, Майнц, Вормс шаарындагы соборлор) жана готика (13-15-к., Кёльн, Фрейбург, Ульма шаарындагы соборлор) стилиндеги шедеврлери жаралат. 16-кылымда немец Кайра жаралуусунун реалисттик искусствосу ?с?п-?н?г?т (живописчилер А. Дюрер, X. Xольбейн, М. Грюневальд, Л. Кранах; скульпторлор Ф. Штос, А. Крафт, П. Фишер). 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында санжыргалуу жана пафостуу барокко стили (архитектор Б. Нёйман, А. Шлютер, М. Пёппельман, с?р?тч?л?р ага-ини Азамовдор) к?ч алат да, 18-кылымдын ортосунан ал классицизм (архитектор Г. В. Кнобельсдорф, К. Г. Лангханс, скульпторлор И. Г. Шадов, К. Д. Раух) жана реализм (график Д. Н. Xодовецкий) менен алмашат. 20-кылымда немец функционализминин архитектурасы д?йн?л?к мааниге ээ болуп (П. Беренс, В. Гропиус, Э. Мендельзон, Л. Мис ван дер Роэ), пролетардык жана согушка каршы кыймыл менен байланышкан реалисттик жекече ?н?р? ?н?г?т (Ф. Марк, К. Хофер). 1920-ж. ?Баухауз? агымы пайда болгон. Анын к?р?н?кт?? ?к?лд?р? В. Гропиус (1883-1969) жана Людвиг Мис ван дер Роэ (1886-1969). 1945-жылдан кийин талкаланган шаарларды калыбына келтир??, миллиондогон адамдарга турак-жай керек болгон. Архитектура экинчи планга калган. Баалуу, байыркы курулуш фонддору талкаланган. Согуштан кийин Германия архитектурасы ?н?р-жай курулушуна байланыштуу ?с?п ?н?кт?. ?н?р-жай, транспорт, инженердик курулуштар, фирмалар жана мекеме имараттарын курууда немец функционализми ке?ири колдонулганы менен бир жактуулук ?ст?мд?к кылган. Немец архитекторлорунун архитектуралык долбоорлору чет ?лк?л?рг? да таанымал болгон. Хельмут Ян Чикаго шаарындагы бийик имараттарды, Европадагы э? бийик офистик имарат Франкфурт-на Майнеде 256 м бийиктиктеги ярмарка мунарасын долбоорлогон. Архитектурадагы геометриялык дизайн колдонулган. Асма конструкциялуу курулуштар к?п салынган. 50-жылдардын 2-жарымынан ?органикалык архитектура? агымы ?н?г?п, ийри сызыктуу татаал формаларга кызыгуу арткан. Немец архитекторлору д?йн?г? белгил?? боло баштады. Нью-Йорктогу бийик каркастуу айнектелген Сигрэм-Билдинг (арх. Мис ван дер Роэ) имараты мисал боло алат. Ушул сыяктуу т?рт дискалуу бийик имарат Дюссельдорфтогу Тиссендин имараты (архитектор Хельмут Хентрих, 1960), Гамбург электр заводду (архитектор Арне Якобсен жана Отто Вайтлинг, 1969) жана ?зг?ч? динамикалык курулуштарга БМВ автомобиль фирмасынын Мюнхендеги цилиндр формасындагы башкы административдик имараты (архитектор Карл Шванцер, 1972) ж. б. бар. Маданий мекемелерден к?р?н?кт?? имараттар Берлиндеги (1964), Мюнстердеги шаардык театр, Штутгарттагы ырдоо залы, Мангейм Герцогенридпарктагы чогулуштар ?ч?н ы?гайлуу ?лг?д?г? имараттар кирет. Мёнхенгладбахта (1982) жана Кёльнде (1986) жа?ы музей имараттары, Штутгарттагы Жа?ы мамлекеттик галеерясы (1983), Франкфурт-на Майнеде к?рк?м кол ?н?рч?л?к музейинин (1985) жа?ы имараттары долбоорлонуп, ишке киргизилген. Б?г?нк? к?нд?г? белгил?? немец архитекторлорунун тобуна Йозеф Пауль Кляйхус, Готфрид Бем, Гюнтер Бениш жана Освальд Матиас Унгерс ж. б. кирет.
Театры
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Немец калкынын театр ?н?р? элдик салт оюн-зооктордон келип чыккан. Орто кылымда кыдырма актёрлордун (шпильмандар) ?н?р? ??рч?г?н. Театр жанрынын негизги т?рл?р? христиан динине байланышкан литургиялык драма, мистерия, миракль, фарс болгон. Диний окуу жайларда мектеп театрлары жаралган. 18-кылымдын 2-жарымында элдпк ?н?рг? байланышкан музыкалык драмалык жанр зингшпиль пайда болгон. Театр ?н?р?н?н ?н?г?ш?н? Г. Э. Лессингдин эмгектери чо? таасир берген. Реалисттик немец театрын ??рч?г??д? жазуучу К. Л. Иммермандын ролу зор. Мангейм улуттук театры (1777) А. В. Иффланд, А. Коцебдин консервативдик, мещандык пьесаларын койгон. Башында И. В. Гёте жана Ф. Шиллер турган Веймар театры (1791) веймардык классицизм деп аталган монументт?? театр т?з??г? аракет жасаган. 19-кылымда Берлин, Дрезден, Гамбург ж.б. шаарларда ири театр борборлору болгон.1860-90-жылдарда Мейнинген театры иштеп, оюн к?рс?т?? маданиятын бир кыйла ?йд?л?тк?н. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында Л. Кронек, А. Матковский, Э. Поссарт, Л. Барнай, Й. Кайнц ??д?? театр ишмерлери чыккан. Берлин, Мюнхен жана Гамбург шаарында театр ?н?р?н? ?т? зор баа беришкен. 17-18-кылымда жер ээлеген ар бир княздын ?з?н?н жеке театры болгон. Берлинде гана 150 театр (анын ичинде ?Немец театры? жана ?Каммершпиле?,?Комише опер? ж. б.) бар. Драматург жана режиссёр Б. Брехт жана актёр Е. Вейгель ?Берлинер ансамбль? (1949) театрын т?зг?н. Немец театрында к?б?нч? классикалык чыгармаларды коюшкан. Хайнер Мюллер тарыхый катастрофаларды изилдеп жазган, Бото Штраус орто сословиедеги турмушту с?р?тт?с?, Клаус Полдун репертуары курч детективд?? пьесалардан турган. Франц Ксавер Крётц автор, режиссёр жана артист. Брехттен кийинки эле белгил?? немец драматургу, 40ка жакын пьесасы к?пт?г?н тилде которулган. Фашисттик диктатура убагында театр нацисттик идеяларды жайылтуучу жайга айланат. Прогрессчил театр ишмерлери куугунтук жеп, к?б? чет элге кетет. 1944-ж. театрлардын баары жабылат. Согуштан кийин немец театры кыйынчылык менен кайра т?з?л? баштаган. Ал эми 1949-жылдан тартып немец театры ГДРде жана ГФРде эки башка шартта жана айырмалуу багытта ?н?кк?н. Германияда ?Каммершпиле?, ?Фольксбюне?, ?Берлин ансамбль?, ?Немец театры? (баары Берлинде), Улуттук немец театры (Веймар), ?Резиденц театер? (Мюнхен), ?Талия театер? (Гамбург) ж. б. театрлары иштейт.
Музыка
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Немец эл ырларын ваганттар менен шпильмандар (ырчылар) ?н?кт?р?п келген. 13-кылымда миннезингерлер (Вальтер фон дер Фогельвейде, Вольфрам фон Эшенбах, Готфрид Страсбургский) мектеби пайда болот. 11-13-кылымда бюргер, 14-кылымдан мейстерзингер (Г. Сакс, 16-к.) музыкасы ?н?г?т. 15-16-кылымда вокалдык жана вокалдык-аспаптык, кийинчерээк аспаптык, к?б?нч? орган музыкасы басымдуулук кылган. Элдик обон-ырлардын (протестант хоралынын) ?н?г?ш?н? Дыйкандар согушу жана Реформация т?ртк? берген. 17-кылымда Г. Шюц, Д. Букстехуде ??д?? музыканттардын чыгармалары эл арасына ке?ири тарайт. Аспаптардын коштоосу менен жеке аткарылуучу граждандык ырлар, клавирдик жана оркестрдик сюиталар ?н?кк?н. Ту?гуч улуттук опера театрынын пайда болушу (Гамбург, 1678-1738) Р. Кайзер, Г. Ф. Телемандын ысымдары менен байланыштуу. Немец музыкалык маданиятынын ?н?г?ш?н? И. С. Бах, Г. Ф. Гендель зор салым кошкон. 18-кылымдын 2-жарымында шаар калкынын маданий турмушуна романс кире баштайт. Германия музыкасында адабияттагы ?Бороон жана чабуул? агымына окшош Мангейм мектеби т?з?л?п, ?эски Вена мектебине? кошулуп, Вена классикалык мектебинин жаралышын шарттаган. Немец жана д?йн?л?к маданияттын ?н?г?ш?н? ?т? зор эмгек си?ирген К. В. Глюк, Й. Гайдн, В. А. Моцарт жана Л. Бетховен да ушул Вена классикалык мектебинен чыккан. 19-кылымдын 1-жарымындагы демократиялык романтизм агымынын ?к?л? К. М. Вебер. Революциянын алдындагы мезгилде Ф. Мендельсон-Бартольди, Р. Шуман, Р. Вагнер сыяктуу ири музыканттар чыккан. Немец музыкалык маданиятында 1848-жылдан к?б?нч? Германияда жашаган венгр композитору, дирижёр жана пианист Ф. Листтин чыгармачылыгынын мааниси да зор. Й. Брамс (1862 -жылдан Венада жашаган) классикалык салттардын мурасчысы жана аны улантуучу катары белгил?? болсо, Р. Штраустун чыгармалары фантазияга байлыгы менен айырмаланган. Фашисттик диктатуранын учурунда немец музыкалык маданияты ?т? т?м?нд?п, улуттук музыканын алды?кы салттары бурмаланды. Прогрессчил мыкты музыканттар эмиграцияга кетти, бир тобу концлагерлерде курман болду. Экинчи д?йн?л?к согуштан со? Германияда музыканын кайтадан ?н?г?ш? ?ч?н м?мк?нч?л?кт?р т?з?лд?.
Театр
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Гамбургда 1678-ж. курулган опера театры бар. Кымбат сахналык техника менен жабдылган э? жа?ы опера театры, Кёльнде жана Франкфурт на-Майнеде, Берлинде гана ?ч опера театры бар. Мюнхендеги Улуттук театр жана Дрездендеги Земпердин Опера театры италиялык Ренессанс доорундагы архитектуралык баалуу эстеликтерден. Берлин филармониясынын оркестри, д?йн?г? атагы чыккан Мюнхен филармониясынын оркестри, Бамберг симф. оркестри, Лейпцигдеги ?Гевандхауз? оркестри, Дрезден мамлекеттик капелласы жана радионун симфониялык оркестрлери ж. б. белгил?? музыкалык коллективдер бар. К?пч?л?к концерттерде жана опера спектаклдерде башка ?лк?л?рд?н келген, д?йн?г? атагы чыккан артисттер катышат. Мисалы, Берлин филармониясынын оркестрин италиялык Клаудио Аббадо жетектейт. Немец артисттери к?пт?г?н ?лк?л?рд? иштешет. Мисалы, Курт Мазур Нью-Йорк филармониясында, Кристоф фон Донани Кливленд оркестринде башкы дирижёр. Д?йн?г? атагы чыккан немец музыканттары скрипкачы Анна-Софи Муттер, трубач Людвиг Гюттлер, ырчылар Хильдегард Беренс, Дитрих Фишер-Дискау, Петер Гофман, Рене Колло ж. б. Улуу муундагы музыканттардын ичинде О. Герстер, Р. Вагнер-Регени, М. Буттинг сыяктуу к?р?н?кт?? композиторлор бар. ?лк?д? музыка боюнча эларалык жана улуттук конкурстар, фестивалдар ?тк?р?л?п турат. Дирижёрлор Г. Абендрот, К. Зандерлингдин, ырчылар Э. Буш, Г. Май ж. б. ысымдары д?йн?г? белгил??. Германияда улуу классиктер Л. В. Бетховен, Г. Гендель, Р. Вагнердин чыгармалары аткарылат. Моцарттын ?Сыйкырдуу чоор? жана Штраустун ?Жарганат? опералары к?п коюлат. 1961-73-ж. Жон Кранко Штутгарт балет труппасына чыгармачылык менен эмгек си?ирген жана прима-балерина Мария Хайде жетекчилик кылган (1973-95). Азыркы к?нд? Пина-Бауш жетектеген Вуппертальдагы бий театры эларалык колдоого ээ болгон. ?Эстрада музыкасына?, варьете музыкалык театрга Берлиндеги ?Фридрихштадтпаласт? театры ?з?н?н чыгармачылыгын арнаган. Гамбургдагы ?Кэтс? мьюзикли к?п жылдардан бери белгил??. Концерттерде модерн классикасы маанил?? роль ойнойт: Пауль Хиндемит, Игорь Стравинский, Арнольд Шёнберг, Бела Барток, Борис Блахер, Вольфганг Фортнер, Вернер Эгк, Карл Орф ?зд?р?н?н музыкалык аспаптары менен д?йн?г? белгил?? ?Музыка мектеби? балдарды музыканы с?й??г? тарбиялашат. Немец жаз музыкасынын 50-60-жылдардагы курч шлягерлери азыркы мезгилде сахнадан кетти. Д?йн?г? белгил?? тромбонист Альберт Мангельсдорф жаз-фри сферасында, Клаус Дольдингер ?з?н?н ?Паспорт? тобу жаз менен рок музыкасында белгил??. Бий жана эстрада оркестри Берта Кемпферт, Жеймс Ласт, Макс Грегер жана Паул Куна Германиядан тышкары башка ?лк?л?рд?н музыка с?й??ч?л?р?н? таанымал. Белгил?? рок ырчылары: Петер Маффай жана Мариус Мюллер-Вестернхаген, Нена. Жаш таланттарды ?ст?р??д? конкурстар ?тк?р?л?т. Германиянын батышында эле 700д?н ашык музыкалык коомдук мектеп жана 15 000 хор мектептери бар. Германияда музыкалык аспаптарды чыгаруу салт болуп калган. Миттенвальдда д?йн?г? белгил?? скрипкалар жасалат. Ар бир экинчи киши флейтада жана гитарада ойнойт. Германияда музыка тармагы г?лд?п ?н?г??д?, 200 млндон ашык ата мекендик жана чет ?лк?л?к грампластинка, кассета жана компакт диск сатылат.
Кино
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]1895-ж. Берлиндеги ?Винтергартен? варьеттесинде биоскоптун жардамы менен гротеск м?н?з?нд?г? кыска метраждуу фильмдер к?рс?т?лг?н. 1896-ж. Германияда ?Местерфильм? киностудиясы уюштурулат. Биринчи д?йн?л?к согушка чейин ?Местерфильм? Германиянын кино ?нд?р?ш?нд? башкы ролду ойногон. Асыресе, ал кезде башка студиялар да аракеттенип жаткан: ?Дойче биоскоп? (1897), ?Мюнхенер кунстфильм? (1907), ?Унион? (1910). ?Местерфильм? жыл сайын 50 кино чыгарма, к?б?несе, мелодрама менен комедияларды тарткан. Германияда биринчи д?йн?л?к согушка чейин АКШ, Франция ж. б. ?лк?л?рд?н фильмдери к?п к?рс?т?лс?, согуш башталары менен улуттук ?нд?р?шт?н кинолору к?б?й?т. Фирмалардын саны дээрлик 8 эсе ?с?т. 1917-ж. ?Местерфильм?, ?Унион? фирмалары жана алардын филиалдары Даниянын ?Нордикс? фирмасы менен биригип, УФА (Универзумфильмакциенгезельшафт?) акционердик коому т?з?лг?н. ?нд?н пайда болушу кино ?нд?р?ш?н кайра куруу зарылчылыгын жаратты. УФА ж. б. фирмалар ?н жазуу ?ч?н павильондорду жабдый баштайт. 1930-ж. тартылган 146 фильмдин 101 фильми ?н коштогон кино чыгармалар. 1933 34-жылдары фашисттик режим менен кызматташуудан баш тарткан кино ишмерлердин чо? тобу Германиядан чыгып кеткен. Реакциячыл багыттын башкы ?к?л? режиссёр-документалист Л. Рифеншталь эсептелет. Анын фильмдеринде фашисттик идея ачыктан ачык чагылдырылган. Фашисттик мезгилдеги немец киносунда В. Хохбаум, Х. Койтнер, В. Штаудтенин чыгармачылыгы б?т?нч? орунда. Анткени алардын фильмдеринде реалдуу турмуштун белгилери, лирикалуулук басымдуулук кылат. Советтик кино таануу илиминде эки мамлекеттин кино искусствосун эки башка кароо ?к?м с?рг?н. 1946-ж. Германиянын батыш аймагында ?Камера?, ?Реаль-фильм?, ?Глория-фильм? фирмалары т?з?лг?н. 1947-ж. биринчи к?рк?м фильм чыгат (?Ал к?нд?рд??, режиссёр X. Койтнер), Германиянын кино ?нд?р?ш?н?н башталышы 1945-жылдын аягында уюштурулган ?Фильмактив? тайпасынын ишмерд??л?г?н? байланыштуу. 1946-ж. ай сайын чыгарылуучу ?К?б?? (?Очевидец?) кино журналынын биринчи саны к?рс?т?л?т. 1947жылдан баштап бул кино журнал жума сайын чыга баштаган. 1946-ж. Бабельсбергде ДЕФА студиясы ачылган. Ошол эле жылы ?Адам ?лт?рг?нд?р арабызда? аттуу фильмдин (режиссёр Штаудте) премьерасы болгон. 1960-ж. ГФРдин жаш кинематографисттери ?Оберхаузен манифестине? кол коёт. Кийинчерээк ?жаш немец киносу? деген жалпы аталышка ээ болгон чыгармачыл инсандар кино искусствонун тематикасынын жана к?рк?м каражаттарынын жа?ыланышына принципиалдуу салым кийирет. ?Жаш немец киносунун? салттарын 20-кылымдын 70-жылдары Мюнхендеги кино жана телек?рс?т??н?н жогорку мектебин б?т?р??ч?л?р уланткан. ГДРде ДЕФА студиясы башка ?лк?л?рд?н кинематографисттери менен биргеликте к?пт?г?н фильм тарткан. Анын ичинде СССРдин киночеберлери менен чогуу т?м?нк? фильмдерди жараткан: ?Беш к?н, беш т?н? (1961, режиссёр Л. Арнштам), ?Адамдар жана айбандар? (1962, режиссёр С. Герасимов), ?Ленинди к?зд?й жолдо? (1970, режиссёр Г. Райш), ?Гойя, же таануунун оор жолу? (1971), ?Кара сухарлар? (1972, режиссёр Г. Раппапот), ?Пётрдун жаштыгы? жана ?Да?ктуу иштердин башталышында? (1981, режиссёр С. Герасимов), ?Майда арип менен эки сап? (1981, режиссёр В. Мельников), ?Кичинекей Александр? (1982, режиссёр В. Фокин). Германиянын кино ?нд?р?ш? к?л?м? жагынан да, сапаты жагынан да Европадан гана эмес, б?т д?йн?д? алды?кы орундардын бирин ээлейт. Кинематография жагындагы кадрларды Мюнхендеги теле к?рс?т?? жана кино мектеби даярдайт. Ульмдеги кино билим бер?? институтуту, Бабельсбергдеги К. Вольф атындагы теле к?рс?т?? жана кинонун жогорку мектеби даярдайт. Берлинде Б?тк?л д?йн?л?к фестивалдар (1951-90), кыска метраждуу фильмдердин фестивалдары Оберхаузда, Мангеймде, Лейпцигде ?тк?р?л?п турат.
Булактар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 2025-08-075 -4
- ↑ Германиянын эл каттоосу (2023)
- ↑ 2.0 2.1 2.2 2.3 Germany. International Monetary Fund. Текшерилген к?н? 9 -сентябрь (аяк оона) 2015.
- ↑ Human Development Report 2014 (англ.). Программа развития ООН. — Доклад о человеческом развитии (2014) на сайте Программы развития ООН. Текшерилген к?н? 27 -октябрь (тогуздун айы) 2015.
- ↑ 2002 - жылга чейин — немис маркасы.
Европа ?лк?л?р? | ||
---|---|---|
Эгеменд?? мамлекеттер | Австрия · Азербайжан1 · Албания · Андорра · Беларусь · Бельгия · Болгария · Босния жана Герцеговина · Ватикан · Германия · Грекия · Грузия1 · Дания · Ирландия · Исландия · Испания · Италия · Казакстан2 · Латвия · Литва · Лихтенштейн · Люксембург · Мажарстан · Мальта · Молдавия · Монако · Черногория · Нидерланд · Норвегия · Орусия2 · Польша · Португалия · Румыния · Сан-Марино · Сербия · Словакия · Словения · Т?нд?к Македония · Т?ркия2 · Украина · Улуу Британия · Финляндия · Франция · Хорватия · Чехия · Швейцария · Швеция · Эстония | ![]() |
Таанылбаган жана жарым-жартылай таанылган мамлекеттер | Косово · Приднестровье | |
К?з каранды аймактар | Аланд аралдары · Гернси · Гибралтар · Жерси · Мэн аралы · Фарер аралдары · Шпицберген · Ян-Майен | |
1 Европа менен Азиянын ортосундагы чек аранын ?т?ш?н? байланыштуу, негизинен же толугу менен Азияда. 2 Негизинен Азияда. |
Европа бирлиги | ||
---|---|---|
М?ч?л?р? | Австрия ? Бельгия ? Болгария ? Мажарстан ? Германия ? Греция ? Дания ? Ирландия ? Испания ? Италия ? Кипр ? Латвия ? Литва ? Люксембург ? Мальта ? Нидерланд ? Польша ? Португалия ? Румыния ? Словакия ? Словения ? Финляндия ? Франция ? Хорватия ? Чехия ? Швеция ? Эстония | ![]() |
Расмий талапкерлери | Албания ? Босния жана Герцеговина ? Молдова ? Грузия ? Черногория ? Сербия ? Т?нд?к Македония ? Т?ркия ? Украина | |
Дараметт?? талапкерлери | Косово | |
Мурдагы м?ч?л?р? | Улуу Британия |
|