《阳谷县海绵城市专项规划》(草案)规划简要说明
Мавритания - Африканын т?нд?к-батышындагы мамлекет. Т?нд?г?н?н Батыш Сахара, т?нд?к-чыгышынан Алжир, чыгышынан жана т?шт?к-чыгышынан Мали, т?шт?г?н?н Сенегал менен чектешип, батышынан Атлантика океаны менен чулганат (жээк сызыгынын узундугу 754 км). Аянты 1025,5 ми? км2. Калкы 3,3 млн (2010). Борбору – Нуакшот. Административдик-аймактык жактан 13 областка (вилайетке) б?л?н?т. Акча бирдиги – угия. Административдик-аймактык б?л?н?ш? (2009: Мавритания – БУУнун (1961), Африка союзунун (1963; 2002-жылга чейин Бириккен Африка уюму), Ислам конференция уюмунун (1969), Араб ?лк?л?р? лигасынын (1973), ЭВФтин (1963), Эл аралык реконструкция жана ?н?кт?р?? банкынын (1963), Б?тк?л д?йн?л?к соода уюмунун (1995) м?ч?с?.
Мамлекеттик т?з?л?ш?.
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Мавритания – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана ?км?т башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Ал жогорку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент. Жогорку палатасы – Сенат, т?м?нк? палатасы – Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийлигин президент башында турган ?км?т ишке ашырат. Башкаруучу саясий партия-лары: Демократиялык к?чт?рд?н союзу, Прогрессивд?? к?чт?рд?н союзу, Кайра жаралуу жана демократия ?ч?н республикалык партиясы, Улуттук прогрессивдик альянс ж. б.
Табияты
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Атлантика океанынын жээгин де?из боюндагы аккумуляциялык ойду? ээлеп, ага жакын кумдуу тайыз жерлер, аралдар орун алган. ?лк?н?н аймагынын басымдуу б?л?г?н Батыш Сахаранын аккумуляциялык-денудациялык т?зд?кт?р? ээлейт. Батыш б?л?г?нд? жапыз (200 м бийиктикке чейин) катмарланган т?зд?к жайгашкан. ?лк?н?н борбордук б?л?г? аркылуу т?нд?кт?н т?шт?кт? карай д??с??л?? т?зд?кт?рд?н жана платолордун (500–800 м) тилкеси (Етти т?зд?г?, Адрар жана Тагант супа платолору) созулуп жатат. Алардын ?ст?нк? бети таштак ч?лд?? келип, тегерегиндеги т?зд?кт?рг? тик урчуктар менен барып кошулат. Мавританиянын чыгыш б?л?г?н кумдуу ч?лд?р, т?шт?к б?л?г?н Сенегал дарыясынын аккумуляциялык аллювий т?зд?г? ээлейт. М Мавритания ын э? маанил?? кен байлыгы – темир кен ташы; Ошондой эле жез, алтын, шельфте – нефть, нефть-газ, ?лк?н?н батыш б?л?г?нд? цемент гипси, фосфорит, таш туз, к?к?рт кендери бар. ?лк?н?н басымдуу б?л?г?нд? тропиктик ч?л климаты ?к?м с?р?т. Канар муздак агымынын таасиринен Атлантика океанынын кууш жээк тилкесинде э? суук айы – январдын орточо температурасы 18°С, э? жылуу айы – сентябрдыкы 24°С. Жылдык жаан-чачындын ?лч?м? 50 ммден аз; жээктин т?шт?к б?л?г?нд?, температура жайында 30°Сге чейин к?т?р?л?п, жаан-чачындын ?лч?м? 80–100 ммге чейин жетет. Океандан алыс жайгашкан аймактарда абанын орточо температурасы январда 16–20°С, июлда 30–32°С (максимуму 45°Сден жогору). Кургак чыгыш шамалы м?н?зд??. Жылдык жаан-чачыны 100 ммге чейин, т?нд?к-чыгышта 50 ммден да аз. Т?шт?г?нд? субэкватордук климат ?к?м с?р?т. Э? суук айы – декабрь же январда 23–24°С, э? жылуу айы – май же июнда 36°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм, э? жаанчыл болгондо 450 ммге жетет. Нымдуу сезону 2–2,5 айга созулат; ноябрдан июнга чейин жаан-чачын дээрлик жаабайт. Кышында т?нд?к-чыгыштан, Сахарадан ысык жана кургак харматан шамалы согот. Т?шт?к чек арасы аркылуу аккан Сенегал дарыясынан башка туруктуу аккан суусу жок. Мавританиянын жеринин басымдуу б?л?г?н суу менен камсыз кылууда жер астындагы суу пайдаланылат. ?лк?н?н к?пч?л?к б?л?г?н (87%ин) топурак кыртышы дээрлик жокко эсе болгон Сахаранын кумдуу жана таштуу ч?лд?р? ээлейт. Бул жерге сейрек ?ск?н дан ?с?мд?к-бадалдуу жана эфемерл?? ч?п ?с?мд?кт?р? (ашеб) м?н?зд??. Мезгил-мезгили менен суу аккан нуктарда (вади) акация, тамариск кездешет. Мавританиянын т?шт?к б?л?г?нд? ч?лд?шк?н саванна (сахель), ошондой эле Сахаранын т?шт?к чет-жакасынын жарым ч?л? жана бадалдуу сейрек токою таралган. Атлантиканы бойлой кеткен ч?лд?р?нд? суккуленттер арбын. Мавритания жаныбарларга бай; с?т эм??ч?л?рд?н 60тан ашык, уялоочу куштардын 170тей, сойлоочулардын 70тей т?р? бар. Ч?лд?шк?н саванналарда ири туяктуулардан – антилопа, жейрен ж. б. кездешет. Мененын б?т аймагы кургакчыл келип (анда жылдык жаан-чачындын 35–70%и гана т?ш?т); сугатка суу к?п сарпталат, натыйжада топурак кыртышынын кайталанма шорлонушу тездеп, деградацияланууда. Ч?лд?шк?н саванналарга калк жыш отурукташып, сейрек токойлор жок болууда; жээк зонасында шаарлардын к?п жайгашкандыгынан биологиялык ар т?рд??л?к азаюуда. Коргоого алынган табигый аймак ?лк?н?н 1,7% аянтын ээлейт. Э? белгил?? улуттук паркы – Банк-д, Арген Б?тк?л д?йн?л?к мурастын тизмесине кирген.
Калкы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Мавританиянын элинин басымдуу б?л?г?н (83,1%ин) маврлар (анын 1,5%и бедуиндер) т?з?т; т?шт?к-батышында берберлер, тукулёр, фульбе, волоф, сонинке ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 80%ке жакыны ?лк?н?н т?шт?г?нд?, негизинен Сенегал дарыясынын боюнда, Мали менен чектеш аймакта отурукташкан. Расмий тили – араб тили. Ошондой эле пулар, сонинке жана волоф тилдери да колдонулат. Ислам динин тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 3,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы 60,4 жаш (эркектериники – 58,2, аялдарыныкы – 62,6 жаш). Т?р?л?? ?т? жогору (1000 кишиге 34,1 бала; 2009), ал эми ?л?м-житим орточо де?гээли (1000 кишиге 11,6 адам). 100 аялга 93 эркек туура келет (2009). Шаар калкы 41,2%. Ири шаарлары: Нуакшот, Нуадибу, Киффа, Росо.
Тарыхы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Мавританияда байыртан эле Тропикалык Африкадан жер оодарып келген негроид расасындагы элдер жашаган. 11-кылымдын орто ченинде Мавритания аймагында Альморавиддердин к?чт?? мамлекети т?з?лг?н. 14–15-кылымда Мавританияда бийлик араб урууларына ?тк?н. 15-кылымда Мавританияга европалыктар келе баштаган. 19-кылымдын ортосунан француз колониячылар мавританиялыктардын айыгышкан каршылыгын басып, аны Француз Батыш Африканын курамындагы колонияга айланткан (1920). Мавритания элинин француз баскынчыларга каршы к?р?ш? 2-д?й-н?л?к согуштан кийин к?ч?п, ?лк?д? алгачкы саясий партиялар – Мавритания ынтымагы (1946-жылы негизделген), Мавритания прогрессчил союзу (1947) т?з?лг?н. Улуттук-боштондук кыймылдын к?ч?ш? Франция ?км?т?н француз ынтымактын чегинде Мавританияга 1958-жылы автономия бер??г? мажбур болгон. 1960-жылы 28-ноябрда к?з карандысыз Мавритания Ислам Республикасы жарыяланган. Мавританияны Мавритания элдик партиясы (МЭП) башкарган. 1961-жылдан БУУга м?ч?. 1963-жылдан Мавритания Африкалык биримдик уюмунун курамында. 1975-жылы Мавритания Испания жана Марокко менен болгон макулдашуунун негизинде Батыш Сахара областын – Рио-де-Орону убактылуу башкарууга м?мк?нд?к алган. Бирок аскердик куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, 1978-жылы бийлик Улуттук кайра жаралуу аскер комитетине ?тк?н (1979-жылдан Улуттук сактап калуу аскер комитети – УСАК). 1984-жылы кан т?г??с?з т??к?р?шт?рд?н кийин бийликке полковник Маауйя ульд Сиди Ахмед Тая келип, 2005-жылы 3-августта бийликтен кулатылган. ?лк?н? башкаруу Акыйкат жана демократия ?ч?н аскер советине (АДАС) ?тк?н. 2008-жылы 6-августтагы кезектеги аскер т??к?р?ш?н?н кийин бийликке президенттик гвардиянын начальниги Мохамед ульд Абдель Азиз келген. Мавритания ?км?т? ички саясатында ??лк?н?н социалдык прогрессин жана улуттук биримдигин камсыз кылууну? к?зд?п, тышкы саясатында бейтараптыкты, бардык ?лк?л?р менен кызматташтыкты жактаган, араб жана африка ?лк?л?р?н?н биримдиги ?ч?н к?р?шт? колдогон.
Экономикасы
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]Мавритания – ?н?г?п келе жаткан жакыр ?лк?. Экономикасынын негизин – минералдык ресурстарды казып алуу, айыл жана балык чарбалары т?з?т. ИДПнин к?л?м? 6,8 млрд доллар (2010), аны киши башына б?л?шт?рг?нд? 2100 доллардан туура келет. ИДПдеги ?н?р жай менен курулуштун ?л?ш? 46,7%, тейл?? ч?йр?с?н?к? 40,8, айыл чарбаныкы 12,5 (2008). Мавритания 1960-жылга чейин агрардык ?лк? болгон (калктын 80%ке жакыны к?чм?н мал чарбасы менен кесиптенген). 1980-жылдан балык кармоо тез ?н?г? баштаган. Мавританиянын экономикалык ?н?г??с?н? ?з?н?н энергетикалык ресурстарынын жетишсиздиги жана инфраструктурасынын (анын ичинде транспортунун) начардыгы тоскоол болууда. Тоо-кен ?н?р жайында жана балык чарбасында чет ?лк?л?к (Канада, Араб жана Батыш Европа ?лк?л?р?) капиталдын позициясы к?чт??. Минералдык ресурстарды казып алуу ИДПнин 12%ин камсыз кылат. Атлантика океанынын шельфинен казылып алынган нефть толугу менен (700 ми? тонна) экспорттолот. ?лк? ?з керект??с? ?ч?н импорттук (негизинен Алжирден) нефтини (1 млн тонна чамасында) пайдаланат. 2007-жылы 586,8 млн кВт.с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) ?нд?р?лг?н. Темир кен ташын казып алуунун жана байытуунун мааниси зор (2000–09-жылдары жылына орто эсеп менен 11 млн тонна). Ошондой эле жез кен таштары (28,8 ми? тонна), алтын, гипс, фосфорит, сал (чо?) туз казылып алынат. ?н?р жайынын башкы борборлору: Нуадибу (нефть ажыратуу, болот эрит?? заводдору, балык иштет?? ишканалары), Нуакшот (курулуш материалдар, самын кайнатуу, кант рафинаддоо заводдору, алкоголсуз ичимдиктер, нан-кондитер ишканалары) ж. б. ?лк?н?н 0,2% жери иштетилет. Дыйканчылыкка м?н?зд?? аймактары: Сенегал дарыясынын ?р??н?, Сахел зонасы жана Сахара оазистери. Негизги айыл чарба ?с?мд?г? – к?р?ч, ак ж?г?р? (сорго), курма, ж?г?р?. Ошондой эле буурчак, таруу, жер жа?гак, жашылча ?ст?р?л?т. Кой, эчки, бодо мал, т?? асыралат. Балык жана де?из продуктулары негизинен Сенегал дарыясын, жана Атлантика океанынын жээгинен кармалат. Транспорттун негизги т?р? – автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 10,3 ми? км. Каэди – Мбут – Селибаби автомагистралы курулууда (2010). Жалгыз Нуадибу – Зуэрат темир жолунун Узундугу 853 км (негизинен темир жана жез концентраттары ташылат). Нуакшот – Каэди темир жолун куруу долбоорлонууда (430 км). Де?из порттору: Нуадибу, Кансадо, Нуакшот. Нуакшот жана Нуадибу шаарында эл аралык аэропорттору бар. Экспортко темир, балык жана де?из продуктуларын, нефть, жез концентратын, алтын чыгарат; негизги кардарлары: Кытай, Франция, Италия, Испания, Япония, Нидерланд, Бельгия, Кот-д’Ивуар. Сырттан (Франция, Кытай, Испания, АКШ, Бельгия, Бразилиядан) машина жана анын жабдууларын, нефть жана нефть продуктыларын, азык-т?л?к жана к?нд?л?к керектел??ч? товарларын сатып алат. Билим бер?? реформасы 1999-жылдан башталып, мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, 7 жылдык билим бер??н? камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,8%ти т?з?т (2007). Араб, француз тилдеринде гезиттери чыгат. Улуттук радио, телебер??л?р? француз, араб жана жергиликт?? элдин тилинде, ошондой эле Улуттук маалымат агенттиги (1975) иштейт. Мавритания адабияты араб жана француз тилдеринде жазылган. 19-кылымда акындардын биринчи поэтикалык антологиясын Сид Ахмед ибн Амин аш-Шингит т?з?п, 1911-жылы жарыкка чыккан. 20-кылымда араб тилд?? адабиятында негизги орунда поэзия турган (Сид Мохаммед ульд Бамб ж.б.). 20-кылымда поэзия, драматургия жана роман жанрлары пайда болгон. Неолит дооруна тиешел?? аскага тартылган с?р?тт?р, петроглифтер Мавританиянын байыркы искусствосунун болгондугун далилдейт. Орто кылымдарда Мавритания аймагында арабдык-бербердик маданият ?н?кк?н. 20-кылымда Мавританияда европалык типтеги имараттар курулган. ?зг?ч? тери иштет?? ?н?кк?н. 2004-жылы Нуакшот шаарында франциялык маданий борбордун колдоосу алдында к?чм?н элдердин музыкасынын 1-эл аралык фестивалы ?тк?н.
Колдонулган адабияттар
[т?з?т?? | булагын т?з?т??]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов ?. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 2025-08-071 -7